Швейцариялык долбоор жарандардын бюджеттик процесске катышуусун колдоону улантууда

23.09.2021 18:03
2021-жылдын 17-сентябрында "2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу" сынагына табыштамаларды кабыл алуу аяктады.
Швейцариялык долбоор жарандардын бюджеттик процесске катышуусун колдоону улантууда

2021-жылдын апрель айында Кыргызстандын аймагында "2022-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу" сынагы жарыяланган. Сынак Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылып келе жаткан "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында  Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун катышуусунда жарыяланган.

«Жергиликтүү бийлик органдарынын Долбоор тарабынан жарыяланган конкурска катышуусу, биринчи кезекте, жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун түзүү тажрыйбасын стимулдаштыруу, ошондой эле ЖӨБ органдарынын калк алдында отчеттуулугунун ачыктыгынын деңгээлин жогорулатууга салым кошуу үчүн зарыл болгон. Сынак жөнүндө Жобого ылайык, ага Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын июнь-август айларында жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөн жана 2021-жылдын 15-августунан 17-сентябрына чейинки аралыкта толтурулган табыштамаларды тапшырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катыша алган" - деди Долбоордун муниципалдык финансы жана коомдук бюджеттик угуулар боюнча координатору Мамытов Азамат.

Конкурстун жалпы байге фонду 3 миллион 200 000 сомду түздү. Байге фондунун каражаттары Швейцария Өкмөтү тарабынан "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында берилген.

Сынакка республиканын бардык аймактарынан жалпысынан 45 табыштама келип түшкөн. Бул көрсөткүч Долбоордун алкагындагы сынактын тарыхындагы эң жогорку болду. Биринчи жылы (2015-жылы) 15 муниципалитет катышкан болсо, 2019-жылы бул көрсөткүчтүн саны 35ке жеткен. Эң активдүү катышуучулар Чүй жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болду.

1-диаграмма. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн табыштамалар

«2022-жылдын жергиликтүү бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу» конкурсу биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок, бирок өткөн жылдары конкурс ар кайсы жылдары Долбоордун максаттуу муниципалитеттери болгон облустарда гана өткөрүлгөн: Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй, Ош жана Нарын облустары (2 -диаграмманы караңыз). 2021-жылдагы конкурстун айырмасы - бул жылы өлкөнүн бардык айылдык жана шаардык муниципалитеттеринин арасында жарыялангандыгында болду. Кошумчалай кетсек, бул жылы конкурста жергиликтүү бюджетти даярдоо процессинде гендердик сезимталдыкты эске алуу менен түзгөн муниципалитет үчүн атайын сыйлык каралган ”,- деди Долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина Градваль.

Бардык түшкөн табыштамалар коддолуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин, Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун жана ошондой эле "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун өкүлдөрүнөн турган Конкурстук комиссия тарабынан баалоого берилет.

Конкурстун жыйынтыгы бир айдан кеч эмес мөөнөттө чыгарылат.