КР ЖӨБ Союзунун директору жана Бишкек шаарынын мэри жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

03.09.2021 18:25
Булак: КР ЖӨБ Союзунун басма сөз кызматы.
КР ЖӨБ Союзунун директору жана Бишкек шаарынын мэри жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору Бектурган Орозбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 484 муниципалитеттин өкүлү болгон мыйзамдуу уюм катары Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун ролун жана потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары, шаарды комплекстүү өнүктүрүү багытындагы мыкты тажрыйбаларды кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын чет мамлекеттердин борборлору менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

КР ЖӨБ Союзунун Директору Бишкек шаарынын мэриясы санариптештирүү жана калкка кызмат көрсөтүү жаатында биздин өлкөнүн башка шаарлары жана айылдык муниципалитеттери үчүн алдыңкы үлгү болуп саналаарын белгилеп, өз ара аракеттенүүнү жана горизонталдык муниципалдык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. 

Буга байланыштуу өлкөнүн шаарларынын жана муниципалитеттеринин шаардык башкармалыктарынын ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн структуралар аралык иш-чаралардын сериясын пландаштыруу жана өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, башка муниципалитеттер менен тажрыйба алмашуу боюнча иш -чараларды колдоорун билдирди.