Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги бир катар документтерди бекитти

17.06.2021 16:10
Буйрукка 2021-жылдын 1-июнь күнү Агенттиктин директору кол койду.
Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги бир катар документтерди бекитти

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигин 2021-жылдын 1-июнундагы №01-18/36 Буйругу менен Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын типтүү иш пландарын даярдоо боюнча Усулдук колдонмо, Айылдык кеңештин типтүү иш планы, Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын типтүү иш планы бекитилди.

Аталган иш кагаздары Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги тарабынан даярдалган.

Усулдук колдонмодо айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын өз карамагына кирген маселелерди кароодо, ресурстарды оптималдуу бөлүштүрүү боюнча жана КР мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарын өз убагында, сапаттуу аткаруу боюнча ишмердигин эффективдүү пландаштыруу боюнча жалпы сунуштамалар каралган.

Аталган документтер менен таанышуу же аларды жүктөп алуу үчүн “Мыйзам чыгаруучулук” бөлүмүнө өтүңүз.