"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун кезектеги отуруму болуп өттү

14.06.2021 17:30
Бул жолу эксперттик топ мамлекеттик ыйгарым укуктарды, муниципалдык кызматтарды, мүлктү жана кызмат көрсөтүүнү, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздерин өткөрүп берүү маселелерин караган Кодекстин 6 бөлүмүн талкуулады.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун кезектеги отуруму болуп өттү

11-июнь 2021-жылы Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун кезектеги жыйыны болуп өттү". Иш-чара Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу менен биргеликте, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс " долбоорунун алкагында[1] (мындан ары - Долбоор) өткөрүлдү.

Бул жолу эксперттик топ мамлекеттик ыйгарым укуктарды, муниципалдык кызматтарды, мүлктү жана кызмат көрсөтүүнү, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздерин өткөрүп берүү маселелерин караган Кодекстин 6 бөлүмүн талкуулады.

"Бүгүнкү күндө республикада жергиликтүү өз алдынча башкаруу ар кайсы мезгилдерде иштелип чыккан жана кабыл алынган ар башка мыйзам актыларынын негизинде иштейт. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кодексинин иштелип чыгышы жана кабыл алынышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтөт жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүүнүн укуктук негизин түзөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылат; жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдерди бирдиктүү ченемдик актыга топтоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын карама-каршылыктарын жана тармактык мыйзамдар менен карама-каршылыктарын жоюу, жергиликтүү маанидеги маселелерди тартипке келтирүү жана тутумдаштыруу, алардын толук тизмесин түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын чектөө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тактоо - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт", - деди Бекболот Бекиев, Долбоордун менеджери, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн байланыш маалыматы: Нургүл Жаманкулова, Долбоордун PR адиси: 0555/0500 313-385, 0770 771-711, njamankulova@dpi.kg

 

___________________

[1] “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында жарандардын чечимдерди кабыл алууга катышуусун күчөтүү, жергиликтүү потенциалды жогорулатуу боюнча иш алып барат жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүү максатында мамлекеттик финансылардын ачык башкарылышын камсыз кылат жана мыйзамдарды өркүндөтөт. Толугураак маалымат: www.vap.kg