Жергиликтүү деңгээлде социалдык жана гендердик сезимтал саясатты өнүктүрүү

27.04.2021 14:55
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – Долбоор) Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы жана Өнүктүрүү саясат институту уюмдарынын консорциумунда ишке ашырылат.
Жергиликтүү деңгээлде социалдык жана гендердик сезимтал саясатты өнүктүрүү

"Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору КР ЖӨБ Союзу менен өнөктөштүктө, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү "социалдык жана гендердик сезимтал (мындан ары-СГС) саясатты өнүктүрүү багытында эки долбоордук облустан жергиликтүү жарандык коом уюмдары менен кызматташтыкты улантууда. Бул мүдөөнү ишке ашыруу үчүн сынактын негизде 4 жарандык коом уюмдары тандалып алынып, алардын өкүлдөрү бул тема боюнча үч күндүк тренингке катышуу үчүн Бишкек шаарына чакырылды. Окутуу 19-20-21-апрелде өткөрүлүп, ага тандалып алынган уюмдардын 11 өкүлү катышты.

Тренингдин алгачкы эки күнү төмөнкү темаларга арналды: долбоордун жергиликтүү деңгээлге кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө социалдык жана гендердик сезимтал аспкетилерди киргизүү боюнча стратегиясы; муниципалитеттердин документтериндеги СГС аспектилерине талдоо жүргүзүү, атап айтканда өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү программаларды, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин (киреше жана чыгаша бөлүктөрүн) анализдөө; мындан сырткары жүргүзүлгөн талдоонун негизинде СГС аспектилерин киргизүү боюнча иш-аракеттер планын түзүү темалары толугу менен каралды. Тренингдин катышуучуларына бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү, жарандык бюджет жана алардын мыйзамдык негиздери боюнча презентациялар көрсөтүлдү. Тренингдин эксперттери окутууну интерактивдүү формада өтүп, катышуучуларга өтүлгөн темаларды жакшы түшүнүүсү жана иш жүзүндө колдоно билүүсү үчүн практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Окутуунун үчүнчү күнү кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин иштеп чыгуу боюнча, анын ичинде ар бир муниципалитет үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрлеринин кошумча тизмесин иштеп чыгууга тиешелүү темалар каралды. Бул тема өзгөчө маанилүү ролду ойноду, анткени көп учурда кошумча тизмеге киргизилген кызматтар калктын социалдык көйгөйлөрүнө, анын ичинде калктын аярлуу топторунун муктаждыктарына багытталган болот. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин иштеп чыгуу жергиликтүү бюджеттен каражаттарды милдеттүү түрдө бөлүп берүүнү талап кылгандыгы үчүн, алардын туруктуулугуна жана узак мөөнөттүүлүгүнө кепилдик берет. Окутуунун жүрүшүндө берилген билим, иш жүзүндөгү мисалдар жана көрсөтмөлөр аркылуу топтук тапшырмаларды аткаруу менен бекемделди. Мындан сырткары катышуучулар, «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыкты практикаларынын порталы» аттуу онлайн платформа тууралуу маалымат алып, анын алкагындагы кеңири мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты.

Катышуучулардын көпчүлүгүнүн пикири боюнча, эксперттерден алынган билим абдан пайдалуу болду жана өтүлгөн билим-тажрыйбалар жер-жерлерде жемиштүү иш жүргүзүүгө жардам берээрин белгилешти. Алардын айтуусу боюнча, жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) талдоо, аларды андан ары СГС аспектилерин эске алуу менен иштеп чыгуу, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин ресурстары аркылуу коюлган милдеттерди бекемдөө, «колдонулбай келген өнүгүү документтерин» жандандыруу менен мыкты жыйынтыкка алып келет. Мындан тышкары, бардык аткарылган тапшырмалар муниципалитеттерге жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө комплекстүү ыкмаларды колдонууга жана мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык финансылык отчет жүргүзүүгө жардам бериши керек.

Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар долбоордун кызматкерлери жана ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү менен биргеликте 2021-жылга карата иш планын түзүп, кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшту.