Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби өз ишин жыйынтыктады

26.04.2021 09:17
Жыйынтыктоочу онлайн-консультация 2021-жылдын 16-апрелинде болуп өттү.
Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби өз ишин жыйынтыктады

2021-жылдын 16-апрелинде, «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору «Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектебинин» эки долбоордук облустардын катышуучулары үчүн акыркы онлайн консультациясын өткөрдү. Бул жолугушуу шайлоо жараяндарынын жыйынтыгын чыгаруу, шайлоодо ийгиликтүү жеңип чыккандарды куттуктоо, ошондой эле татыктуу күрөшүп, бирок жергиликтүү кеңештерге өтүү үчүн жетиштүү добушка ээ боло албай калган аялдарды колдоо максатында өткөрүлдү. Консультацияга жалпысынан 26 аял катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар шайлоо процессине катышуудан алган жалпы тажрыйбалары менен бөлүшүп, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө туш болушкан кыйынчылыктар жөнүндө, ошондой эле шайлоо күнү байкалган мыйзам бузууларды айтып беришти. Алар ийгиликке тренерлер тарабынан берилген билимдин жана туура багыт көрсөтүүлөрдүн негизинде жетишкендигин баса белгилешти жана үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө  мыйзамдуулуктан чыккан чараларды колдонуудан алыс болушкандыктарын айта кетишти. Алардын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштерин туура жүргүзүп, шайлоочуларга шайлоо программаларын туура түшүндүрүү менен калктын ишенимине ээ болушкан. Жергиликтүү кеңештерге өтпөй калган аялдар дагы, алардын ниетине ишенип, чын дили менен добуш берген шайлоочуларынын санынын көптүгүн белгилешти. Шайлоо жыйынтыгында ийгиликтүү болбосо да, аялдар келечекте алар үчүн пайдалуу боло турган билим жана тажрыйба үчүн долбоорго ыраазычылык билдиришти. Тилекке каршы, бир топ жаш талапкер аялдар (28-35 жаш курагындагы), узак мөөнөттүү, жакшы жакталган пландарына карабастан, жетиштүү добуш ала албай калгандыгы өкүндүрөт. Жолугушуунун аягында, аялдар депутат болуп иштеп баштаганда да тажрыйба бөлүшүп туруу үчүн, түзүлгөн Whatsapp тайпаларын калтыруу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, «Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби» Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Агенттиги аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан “ алкагында уюштурулган. Белгилей кетсек, шайлоодо ийгиликтүү катталган аял талапкерлердин саны 65 катышуучунун ичинен 56 (86%)яалды түзгөн. 9 аял (14%) ар кандай себептер менен шайлоого катышуудан баш тартышты. Бүгүнкү күндө шайлоонун жыйынтыгы боюнча 34 аял ушул күнгө чейин шайлоодо ийгиликтүү жеңишке жетишип, өз муниципалитеттериндеги жергиликтүү кеңештердин мүчөсү болушту. Катышуучулардын ичинен депутаттыкка өткөн дагы бир аял команда менен бара жаткан жаш муундарга жол берү максатында  өз мандатын тапшырган.