Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк: ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталы ЖӨБ органдары үчүн, анын ичинде фермерлер үчүн да пайдалуу мазмунду байытуу максатында жаңы өнөктөштөрдү табууда

20.04.2021 14:49
ММК үчүн байланыш маалыматы: Нургүл Жаманкулова, ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталынын администратору, 0770 77-17-11, 0555 / 0500 31-33-85, e-mail: njamankulova@dpi.kg
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк: ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталы ЖӨБ органдары үчүн, анын ичинде фермерлер үчүн да пайдалуу мазмунду байытуу максатында жаңы өнөктөштөрдү табууда

2021-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында "Муниципалитет" журналы менен бириктирилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) мыкты тажрыйбалар порталынын расмий бет ачары болуп өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында www.myktyaimak.gov.kg дарегинде жайгашкан ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталында жергиликтүү жамааттардын жаңы топтору үчүн да пайдалуу контент пайда болоору тууралуу катышуучулар чечим кабыл алышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, бейөкмөт уюумдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (донорлор), аймактарда жашоону жакшыртууга багытталган долбоорлордун өкүлдөрү, ошондой эле ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү өнүгүү маселелерин кантип чечүү керектиги тууралуу билимди жайылтуу үчүн ЖӨБ мыкты тажрыйба порталынын мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

”Жергиликтүү маселелерди чечүүнүн көптөгөн мисалдары, ыкмалары жана аспаптары иштелип чыгат, бирок алар эч жерде топтолуп, сакталбай келет. Ал эми, ЖӨБ органдары, шаарлардын жана айылдардын тургундары бул маалыматка муктаж. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Региондорду өнүктүрүү Мамлекеттик агенттиги, ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталын түзүштү, - деди Айыл чарба, суу ресурстары жана регионалдык өнүгүү Министрлигинин алдындагы Региондорду өнүктүрүү Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Рамис АЛЫКУЛОВ.

2021-жылдын апрелине карата Порталда үч миңден ашуун колдонуучу катталган. 2020-жылдын аягынан тара Порталда жыйырма бешке жакын онлайн-иш-чаралар өткөрүлүп, жыйырмадай видеосабак, токсондон ашык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, жарандардын ЖӨБгө катышуусу, жамааттарды өнүктүрүүнүн жана ЖӨБ органдарынын ишинин башка аспекттери боюнча мыкты тажрыйбалары жайгаштырылган. Порталды колдонуучулардын көпчүлүгүнүн өзгөчө кызыгуусун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү, аял-депутаттар үчүн 30% квотаны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө иш-чаралар жана консультациялар жаратты.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова убакыттын өтүшү менен Портал жергиликтүү өнүгүү жөнүндө билимдин маанилүү булагы болот деп белгиледи.

"Портал мамлекеттик билим башкаруу тутумунда каралган. Ага үчүнчү деңгээлдеги myktyaimak.gov.kg домендик аты берилип, анын хостинги Санариптик өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кызматтын алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемесинин серверинде жайгашкан. Порталды ЖӨБ Союзу Борбордук Азия жергиликтүү башкаруу Академиясы аркылуу башкарат, - деди Н. Добрецова.

Жакында шайланган Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Жанболот Портал ага шайлоо алдындагы ийгиликтүү кампанияны уюштурууга жардам бергендигин, депутаттын милдеттерин «сезүүнү», эл менен сүйлөшүүнү жана курулай популизм эмес, шайлоо алдындагы программа менен иштөөнү үйрөттү деп эсепейт. Порталда өткөрүлүп жаткан сынактын эки жолку жеңүүчүсү, Аламүдүн айылдык аймагынын АӨ башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ, онлайн-семинарда электрондук китепкананын жетишкендиктери жөнүндө башка аймактардын өкүлдөрү, шаарыдк жана айылдык китепканалары менен өз тажрыйбасын бөлүшкөндүгү тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын натыйжасында Порталдын аудиториясын жана мазмунун кеңейтүү боюнча жаңы идеялар сунушталды. Мисалы, Айгүл НИЯЗАЛИЕВА, "BIO-KG" органикалык кыймыл федерациясынын өкүлү аял-фермерлер үчүн максаттуу контент түзүүнү сунуштады: "Порталдын платформасында сиздер жергиликтүү кеңешке аял талапкерлерди окутууну жана консультацияларды берүүнү уюштура алганыңыздар кубандырат. Мындай онлайн ресурстар азыр, эпидемия учурунда, өзгөчө маанилүү болуп жатат. Мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышып, өз идеяларын жайылтуу үчүн ишкер аялдар жана дыйкандар үчүн дагы онлайн билим берүү керек".

Бет ачар Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцария Кызматташтык жана Өнүктүрүү Агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан ишке ашырылуучу "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

ММК үчүн байланыш маалыматы: Нургүл Жаманкулова, ЖӨБ мыкты тажрыйбалар порталынын администратору, 0770 77-17-11, 0555 / 0500 31-33-85, e-mail: njamankulova@dpi.kg.[1]

 

_________________

[1] Презентациянын бардык материалдарын төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: http://myktyaimak.gov.kg/events/single-event?id=17