Байкоочуларга көрсөтмө

12.04.2021 15:24
2021-жылдын 8-апрелинде, «Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби» Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы долбоордук муниципалитеттеринде жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер аялдар жана алардын катталган байкоочулары үчүн дагы бир онлайн консультацияларды өткөрдү.

Бул жолку жолугушунун темасы “Байкоочуларга көрсөтмө” болгондуктан, консультацияга Мектептин катышуучулары гана эмес, алардын байкоочулары дагы катыша алышты. Катышуучулардын саны 21 киши болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жана алардын байкоочулары шайлоо процесстериндеги байкоочулардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалымат алышты, ошондой эле төмөнкү темалар боюнча билим алышты:

  • Шайлоо участогунун уюштурулушу.
  • Шайлоо күнү УШКнын иш-аракеттери.
  • Добуш берүүнү уюштуруу тартиби.
  • Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби.
  • Жайдан сырткары добуш берүүнү уюштуруу.

Эскерте кетсек, «Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектеби» Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Агенттиги аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдар тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында уюштурулган. Бүгүнкү күндө 65 катышуучунун ичинен 56 сы (86%) талапкерлике каттоодон ийликтүү өтүштү.  9 аял (14%) ар кандай себептер менен шайлоого катышуудан баш тартышты.