Жалал-Абад облусунун максаттуу муниципалитеттеринен 36 аял жергиликтүү кеңештерге шайлоого барууга даяр

05.03.2021 18:38
Үч күндүк тренингте 36 катышуучу ая лидерлиги жана жергиликтүү кеңештердин шайлоо алдындагы процесстерине катышуу көндүмдөрү тууралуу окуудан өтүштү.
Жалал-Абад облусунун максаттуу муниципалитеттеринен 36 аял жергиликтүү кеңештерге шайлоого барууга даяр

2021-ж. 25-27 – февраль күндөрү Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү талапкер аялдардын лидерлик мектеби Швейцариянын Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланган Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан аткарылган "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоорунун алкганыда уюштурулду. Үч күндүк тренингте 36 катышуучу ая лидерлиги жана жергиликтүү кеңештердин шайлоо алдындагы процесстерине катышуу көндүмдөрү тууралуу окуудан өтүштү.

58 жаштагы Куттубаева Гульсара Токтогул районунун, Торкен айыл аймагынан келип тренинге катышты. Ал Абды Суеркулов атындагы музейдин жетекчиси, аялдар кеңешинин төрайымы ошондой эле мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы болуп иштейт. Өзүнүн жумушун көптүгүнө карабастан, Г. Куттубаева өзүнүн айылында аялдардын укугун коргоо багытында жигердүү иш алып барат. Атап айтканда, ал ар кандай даражадагы майып аялдар менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт. Азыркы учурда ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлиин коюууга чечкиндүү, анткени аялдардын жана калктын аярлуу топторунун көйгөйлөрү жергиликтүү бийлик тарабынан эске алынбай калгандыгын жана аларды чечүү үчүн эч кандай чаралар көрүлбөй жаткандыгын белгиледи. Анын пикиринде, үч күндүк тренинг учурунда берилген билим, ал үчүн депутаттыкка жол ачып ага көбүрөөк ишенич менен шайлоого барчу күч жаратты. Куттубаева айым Жалал-Абад облусунун 13 долбоордук муниципалитетинин ичинен 36 катышуучунун бири болуп, «Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу"долбоорунун алкагында уюштурулган аялдар үчүн лидерлик мектебинде окууну ийгиликтүү аяктады.

Бул тренинг айыл аймактарында аял-талапкерлердин дараметин жогорулатуу жолу менен жергиликтүү кеңештерге аялдардын катышуусун жогорулатууга салым кошууга багытталган. Мындан сырткары, үч күндүк тренингтин катышуучуларынын арасында жаш кыздар да болду. 28 жаштагы Карабекова Эльнура, Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну. Ал тренингге келээрден мурда, тийешелүү документтерин аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) ийгиликтүү тапшырып келгенин айтты. Эльнура окутуунун негизги темаларынан сырткары, шайлоо алдындагы программасын иштеп чыгуу жана шайлоо алдындагы компаниясын ийгиликтүү жүргүзүү боюнча тренерлерден пайдалуу сунуштар ала алды.

Ошондой эле, катышуучулардын арасында өзбек улутунун өкүлү Хажиматова Мовлуда да Бүргөндү айыл аймагынан келип катышты. Ал мектептин аягында лидерлик сапаттарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн, ошондой эле жергиликтүү бюджеттер процесстерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү абдан пайдалуу маалыматтарды ала алгандыгын белгиледи. «Алган билимиме, мен тренинг өткөндөн кийин тестирлөө өткөрүп жатканда ынандым. Биринчи жолку тесттен айырмаланып, тренингдин аягында мен бардык суроолорго туура жооп бере алдым. Эгер мен жергиликтүү кеңештин депутаттыгына өтсөм, жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча маселени көтөрөм. Акыркы жылдары бардык жаштар мектепти аяктагандан кийин Россия Федерациясына жумушка кетүүгө аргасыз болушууда. Мен бул маселени көтөрүп, алар үчүн кандайдыр бир жумуш шарттарын түзүүнү каалайт элем. Менин оюмча, Долбоордун максаты жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин мындан аркы жемиштүү иши үчүн алардын потенциалын жогорулатууда турат, бул үчүн мен өзүнчө уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет». Азыркы учурда Бүргөндү айыл аймагында 10 470 тургун жашайт жана алардын 6 749у өзбек улутунун өкүлдөрү болуп саналат. Азыркы учурда аталган айылдык кеңешин 21 депутаттын ичинен 5и өзбек этникалык топтун өкүлдөрүнө кирет жана алардын бири гана аял киши болуп эсептелет.

Мектептин жүрүшүндө аялдар тажрыйба алмашышты, практикалык тапшырмаларда активдүү катышышты, ошондой эле шайлоо процесси боюнча келип чыккан суроолорду талкуулашты. Тренинг учурунда жергиликтүү кеңештерге талапкер катары катталган 5 катышуучу АШКга маалымат алуу үчүн кайрылуу учурундагы жаплы кыйынчылыктар жөнүндө айтып беришти. Тренерлердин жана уюштуруучулардын жардамы менен тренингдин катышуучулары БШК талаптарына ылайык документ тапшыруу боюнча берилген суроолоруна жооп алышты. Атап айтканда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо финансылык камсыздоо боюнча шайлоого даярдануу жана өткөрүү, шайлоо фондунун каражаттарын пайдалануу, ошондой эле депутаттыка талапкерликти коюу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин чогултуу боюнча актуалдуу суроолорго жооп ала алышты.

Тренингдин аягында катышуучулар аталган окутуу аларды шыктандырганын билдиришти. Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланып калышса, алган билимдерин жана көндүмдөрүн жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө пайда алып келүү үчүн толук өлчөмдө колдонууга даяр экендигин билдиришти.