КР Мамлекеттик кадр кызматы ЖӨБ органдарынын башчыларына муниципалдык кызматтын 1-2-3 класстагы кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрүн ыйгарды

20.02.2021 08:55
Автор: КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы Шилтеме: https://www.mkk.gov.kg/news/view/idnews/493
КР Мамлекеттик кадр кызматы ЖӨБ органдарынын башчыларына муниципалдык кызматтын 1-2-3 класстагы кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрүн ыйгарды

2021-жылдын 18-февралында республикабыздын бардык аймактарынан келген 96 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына (айыл өкмөт башчылар, шаар башчылар жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары) муниципалдык кызматтын 1-2-3 класстагы кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрү ыйгарылды. Ыйгаруу салтанатына КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттигинин директору Б.Салиев катышышты. 

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын класстык чен алуусу менен куттуктап, мамлекетке ак кызмат кылууга чакырып, муниципалдык кызматка алууда эми кадрдын билим деңгээлине, таза репутациясына жана кесипкөйлүүгүнө өзгөчө көңүл буруларын жана тигил же бул партияга таандыгы бар кадрларды муниципалдык жооптуу кызматтарга дайындоого бөгөт коюларын баса белгилеп өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жакында эле КР Президенти С.Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” чыккан Жарлыгы боюнча кеңири маалымат берилди. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына 1-2-3 класстагы муниципалдык кызматтын кеңешчиси  класстык чендеринин күбөлүктөрүн КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиев менен КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттигинин директору Б.Салиев тапшырды.

Тапшыруу салтанатынан соң, КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.Тарбинский жаңы мамлекеттик кардык саясат боюнча кеңири маалымат берди.

Төмөндө муниципалдык кызматтын 1-2-3 класстагы кеңешчиси класстык чендеринин күбөлүктөрүн алган ЖӨБ органдарынын тизмеси берилди.

2021-жылдын 6-январындагы № 4 буйрукка ылайык:

2021-жылдын 12-февралындагы № 29 буйрукка ылайык: