Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучулары үчүн онлайн-консультация өткөрүлдү

10.02.2021 13:44
Иш-чара 2021-жылдын 10-февралында ЖӨБ Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында өттү - www.myktyaimak.gov.kg
Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучулары үчүн онлайн-консультация өткөрүлдү

2021-жылдын 10-февралында Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын Мектебинин катышуучулары үчүн онлайн-консультация өткөрүлдү. Иш-чарага 2021-жылдын 25-29-январь күндөрү Ысык-Көлдө аталган Мектептин алкагында өткөрүлгөн беш күндүк практикалык интенсивдин катышуучулары катышты.

Мектеп Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Онлайн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү темалар боюнча маалымат берилди: :

  • Жеке планды ишке ашыруу боюнча маалымат алмашуу. 
  • Жергиликтүү кеңештин болочок депутаттарынын аткара турган кадамдары.
  • Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү жана программаны иштеп чыгуу.
  • Кантип БШКнын сайтына кирсе болот (демонстрация).

Маалымат тартууланган соң, катышуучулардын ортосунда жалпы маалымат алмашуу жана Мектептин алкагында пландалган андан аркы кадамдар талкууланды.