«Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу» долбоору экинчи баскычындагы максаттуу муниципалитеттери менен 2020-жылдын жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү

21.12.2020 17:52
«Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу» долбоору экинчи баскычындагы максаттуу муниципалитеттери менен 2020-жылдын жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү

Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланган,  Хельветас жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 26 максаттуу муниципалитеттердин айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагаларынын катышуусунда жыйынтыктоочу конференция өткөрдү.

Конференциянын максаты долбоордун 2020-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгаруу болду. Карантиндик чектөөлөрдөн улам келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан, долбоор 2020-жылы өз максаттарына жана милдеттерине жетише алды. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пандемиялык абалга байланыштуу кошумча милдеттерге дуушар болгондуктан, кызматтардын өз убагында көрсөтүлүшү үчүн муниципалитттерге бир катар жардам көрсөттү.  

Конференцияда ошондой эле, мурда жарыяланган эки конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Жергиликтүү калк арасында коммуналдык кызматтарга акы төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалыматтык кампанияларды өткөрүү боюнча биринчи сынак өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү муниципалитеттер жеңүүчү болуп таанылды: аларга сертификаттар жана керектүү буюмдар (принтер, компьютерлер) ыйгарылды.

1-орун

  • Бешик-Джонский АО
  • Теплоключенский АО

2-орун

  • Достукский АО.
  • Б. Мамбетов АО

3-орун

  • Массынский АО
  • Мэрия г. Токтогул
  • Оргочорский АО

Калган 20 муниципалитет кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнүн зарылдыгы тууралуу маалыматтарды жайылтууга активдүү катышкандыгы үчүн кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.

Мындан тышкары, муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында кызмат жакшыртуу аракеттер планын (КЖАП) иштеп чыгуу боюнча конкурстун жыйынтыгы жарыяланды. Конкурска кластерлерге бириктирилген муниципалитеттер катышкан. 9 катышуучу кластердин ичинен 5и жеңүүчү деп аталды жана алардын ар бири КЖАПты натыйжалуу ишке ашыруусу үчүн грант катары 5 000 000 сомго сертификат берилди. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • Теплоключенка кластери (Теплоключенка, Кереге-Таш, Октябрьский АА)
  • Кызыл-Суу кластери (Кызыл-Суу, Оргочор, Светлая Поляна, Саруу, Дархан АА)
  • Октябрь кластери (Теплоключенка, Кереге-Таш, Челпек АА)
  • Достук кластери (Достук и Бургонду АА)
  • Кенеш кластери (Кенеш, Бешик-Джон, Масс АА)

Калган кластерлер КЖАПты толуктап иштеп чыгуу боюнча белгилүү бир тапшырмаларды алып, шарттуу жеңүүчү деп табылды.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча долбоордун жетекчиси ЖӨБ органдарынын башчылары менен биргеликте алкактык макулдашууларга кол коюшту.

Жыйынтыгында катышуучулар Долбоорго, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институтуна, ошондой эле Швейцариянын өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттине ыраазычылыктарын билдиришти.