Бүгүн Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү

30.07.2020 11:42
Бүгүн Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү

Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет саналуу күндөрдүн ичинде арабыздан мыктыларды иргеп алып кетти. Оорунун айынан канча деген адамдардын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болду. Мыкты, таланттуу, ордун алмаштыргыс адистерден ажырап, өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.

Өнүктүрүү саясат институту маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Элибизге "кайрат кылгыла" дейбиз.

Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Аманчылык каалап,
Өнүктүрүү саясат институтунун жамааты.