Швейцариялык долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир муниципалитеттерине жардам көрсөттү

30.04.2020 17:09
Кошумча маалымат үчүн: Турсунай Чодурова, тел.: (0770) 710054, email: tursunai.chodurova@eda.admin.ch
Швейцариялык долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын кээ бир муниципалитеттерине жардам көрсөттү

Коронавирус илдетинен улам өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Швейцариянын «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору Жалал-Абад жана Ыссык-Көл облусттарындагы долбоордун 15 муниципалитеттерине 750 000 сом финансылык каражат бөлүп берди.

Мындай финансылык жардам аталган муниципалитеттердеги муктаж болгон үй-бүлөлөрдү, аярлуу топторду, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын кесепетинен киреше булагын жоготкон адамдарды негизги азык-түлүк жана гигиеналык буюмдар менен камсыздоого багытталды.

«Тилекке каршы, COVID-19 коронавирустук пандемия миңдеген адамдарга коркунуч туудурду, айрыкча азыр аярлуу топторго, көп балалуу үй бүлөлөргө жана киреше булактары жок калгандарга аябай кыйын болуп жатат. Ошондуктан, «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун жардамы өз убагында жана керектүү болду», - деп Аксуу районунун, Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы АКМОЛДОЕВ Бактыбек баса белгиледи.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү райондук социалдык коргоо башкармалыгы менен биргеликте жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн жана ошондой эле керектүү товарлардын тизмесин түзүштү. Ачык-айкындуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык ден-соолук комитеттери (АДК) жана башка уюмдар менен иш алып барууда.

«Биз көп балалуу үй-бүлөбүз, беш балабыз бар. Коронавирустун айынан азыр күйөөмдүн жумушу жок, ошондуктан бизге чынында эле азык-түлүк керек болчу. Бул көрсөтүлгөн жардам үчүн биздин айыл өкмөтүнө, Швейцария Өкмөтүнө жана «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна үй-бүлөбүздүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Аксуу районунун Маман айылынын тургуну Нурзат ТОЛОГОНОВА.

Белгилей кетсек, мындай оор абал менен күрөшүп жаткандардын катарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орагандары да калк менен талыкпай иш алып баруу менен бирге, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) андан ары жайылышын алдын алууга багытталган иш-чараларды да жүзөгө ашырууда.

«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору Швейцариянын Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланат жана Хельветас Кыргызстан уюму жана Өнүктүрүү Саясат Институту менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору муниципалитеттер көрсөткөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу айыл жериндеги адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

***

Швейцария өкмөтү Кыргызстан менен 1994-жылдан бери кызматташат. Ушу күнгө чейин Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 400 миллион франк (28 миллиард сом) каражат бөлгөн. Толугураак маалыматты  https://www.eda.admin.ch/bishkek веб-сайты аркылуу алсаңыз болот.

Хельветас Кыргызстан - Швейцариянын өнүгүүгө багытталган уюму болуп саналат. Хельветас Кыргызстанда 1994-жылдын ноябрында өз ишин баштаган жана учурда ар кандай тармактарда долбоорлорду ишке ашырып келет. Биздин уюм ар дайым жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну колдоого жана өнүктүрүүгө даяр. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин веб-сайтка кириңиз: www.helvetas.org