PSI долбоору жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүдө социалдык-инклюзивдик жана гендерлик-сезимтал мамилелерди алдыга жылдырууда

03.02.2020 17:39
2019-жылдын 18-ноябрынан 4-декабрына чейин Ыссык-Көл жана Жалал-Абад областарынын 25 долбоордук муниципалитеттеринде «Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында социалдык-инклюзивдик жана гендерлик-сезимталт мамилелер жөнүндө тренинигдер өткөрүлдү.
PSI долбоору жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүдө социалдык-инклюзивдик жана гендерлик-сезимтал мамилелерди алдыга жылдырууда

2019-жылдын 18-ноябрынан 4-декабрына чейин 25 долбоордук муниципалитеттеринде жергиликтүү деңгелде кызмат көрсөтүү тармагында социалдык-инклюзивдик жана гендерлик-сезимтал мамилелерди алдыга жылдыруу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айылдык кеңештер, соцадистер, жооптуу катчылар жана жергиликтүү калктын өкүлдөрү үчүн тренинигдер өткөрүлдү. Катышуучулар гендердик-сезимталдык жана жана социалдык-инклюзивтивдүү мамилер менен, анын ичинде бир картага түшүрүү ыкмасы, ченемдик укуктук база, калктын аярлуу топторунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн гендердик сезимталдык жана социалдык-инклюзивтивдүү бюджет жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү аспаптары менен таанышты.

Жалпы катышуучулардын саны – 398 киши.

25 тренингдин бешөө гендер боюнча экспертти катышуусу менен өткөрүлдү. Сегиз тренингди билим башкаруу жана гендер боюнча адис өткөрдү. Ал эми он үч тренинг жергиликтүү консультанттар тарабынан өткөрүлдү.

Эки облуста өткөн тренингдерде төмөндөгү темалар боюнча терең маалымат берилди: Коомдук топтордун ар түрдүүлүгү, гендер тууралуу түшүнүк, жынысы жана гендердин ортосундагы айырмачылык, гендердик басмырлоо, гендердик талдоо боюнча эл аралык жана улуттук механизмдер. Гендердик талдоо: милдеттер, ыкмалар жана колдонмо ошондой эле социалдык инклюзивдүү жана гендердик маселелерди чечүүгө багытталган бюджет боюнча:  максаттары, ыкмалары, колдонуу.

Катышуучулар жергиликтүү калктын гендердин, жаш курагынын, улутунун жана башкалардын негизинде категориялоону көрсөтүү максатында өздөрүнүн муниципалитеттерин карталоого активдүү катышышты. Кийинки сессиялар гендердик теңдикти камсыз кылууга багытталган улуттук мыйзамдарга, иш-чараларга жана эл аралык келишимдерди кароого арналды.

Катышуучулар гендердик чектөөлөр боюнча жаңы мыйзам оң өзгөрүүлөргө салым кошо турганын белгилеп өттү. "Аялдардын да, эркектердин да кызыкчылыгын эске алуу керек. Айылдык кенештерде аялдар үчүн квота берилгени бул абдан жакшы. Депутат-аялдар болгон учурда, алар көптөгөн коомдук топтордун кызыкчылыктары жөнүндө айта алышат", - деп жергиликтүү кенештин депутаты A. Абрешова айтып кетти.

Тренингдин маанилүү бөлүгү азыркы башкаруу документтерине гендердик-сезимталдык талдоонун методдорун жана стратегиясын колдонууга арналды. Катышуучулар талкууларга активдүү катышты. Алар коюлуп жаткан темаларга кызыгуусун билдиришти жана иштеп жаткан тескөөчү документерде гендердик жана социалдык-сезимтал мамилелердин жетишсиздигин белгилешти. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары түзүлгөн аянтчаны иштеп чыгарылган документтерге гендердик жана социалдык-сезимтал мамилерди киргизүү үчүн талкуулоо максатында колдонушту.

"Жергиликтүү бюджеттин канчалык денгээлде гендердик жана социалдык-сезимтал экендигине баа берүү үчүн гендердик талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралганы мага абдан жакты. Биз мурда ушундай талдоолорду кылган эмеспиз. Албетте, мен бул тажрыйба биздин айылдык аймакта ишке киргизилет деп ойлойм ", - Коробаева К., айыл өкмөттүн адиси.

Тренингдерде, өнүктүрүү программаларын, иш-чаралар планын синхрондоштуруу жана учурдагы бюджеттик чыгымдар жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Катышуучулар талдоонун максаттары боюнча так түшүнүкө ээ болушту жана учурдагы документтерди кайра иштеп чыгуу жетиштүү эмес экенин түшүнүштү. Каалаган өзгөртүүлөргө жетишүү бир гана аларды колдонуу үчүн айрым бир ресурстарга жүктөлгөндөн кийин мүмкүн болот. Өнүктүрүү программаларын, ар түрдүү коомдук топтордун кызыкчылыктарын жылдык бюджетке киргизүү, ошондой эле отчеттуулук жана ачык-айкындуулук үчүн маанилүү болуп саналат. Катышуучулар жогоруда аталган мамилелерди жалпылаштыруу менен ишке ашырууну үйрөнүү маанилүү экендигин белгилешти жана бул маселе боюнча өз пикирин төмөнкүдөй билдиришти:

"Кээде Улуттук денгээлде кабыл алынган чечимдер, жергиликтүү бийликтин структураларына жетишсиз түшүндүрүлөт жана жеткирилет, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин жогорулатуу, анын ичинде билим деңгээлин жогорулатууну кошкондо. Бул биз үчүн оор, айрыкча аткарылган иштер боюнча отчет жазганда.Мисалы, мамлекет санариптештирүү процессинин башталганын жарыя кылды, бирок, бул инновацияларды ишке киргизүү боюнча тиешелүү тренингтер өткөрүлгөн эмес.

Ошентип, биз маалыматтарды маалыматтардын булагына жүктөө менен өзүбүздү чектейбиз. Эгерде санариптештирүү шарттарында тренингдер болсо, анда ал жакшы жардам бермек, аны түшүнүп, иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк жаралат болчу. Бүгүн, бизди көп нерсеге үйрөттүңүздөр, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү стратегиялык пландарына жана документтерине сарасеп салуу гана эмес, ошондой эле жогорку бийлик органдарына натыйжалуу отчет берүүгө да жардам берет.", - Нусупов E., жергиликтүү ишмер (АА Чолпон-Ата).