Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн милдеттүү квота 30% БОЛСУН

30.07.2019 20:52
Жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн милдеттүү квота 30% БОЛСУН

2019-жылдын 11-июнь күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети түзөтүүлөрдү камтыган мыйзам долбоорун жактырды. Бул мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мандаттардын бери дегенде 30% аялдарга берүүнү сунуштаган мыйзам долбоору кылат.

Мыйзам долбоорунун негиздеме катында шайлоого жүргүзүлгөн байкоонун жүрүшүндө аялдар шайлоого талапкер катары көп катышпай турганы аныкталганы белгиленет. Айталы, акыркы он жылда жергиликтүү кеңештерде аялдардын үлүшү 24 пайыздан 11 пайызга чейин азайып кеткен. Аны менен катар аялдардын айылдык кеңештердеги санын көбөйтүүнү камсыз кылган механизмдер жок.

Соңку үч жылда өлкө боюнча аял депутаттардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Ушул тапта өлкө боюнча 8700 депутаттын миңге жетпегени гана аялдар.

Жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын көбөйтүү максатында мыйзам долбоору айылдык кеңештин депутаттарынын мандатынын 30 пайыздык резервин аялдар үчүн кармоо жана резерв болгон мандаттарды бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону сунуш кылат (59, 62-беренелер)1.

27-июнда мыйзам долбоорун өлкөнүн Парламенти үчүнчү окууда кабыл алды. Ал эми 2019-жылдын 11-июль күнү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилди.

Бул маселеде өз пикирин билдирип, демилгени колдоо максатында Өнүктүрүү Саясат Институту (ӨСИ, www.dpi.kg) жарандарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн #жергиликтүүкеңештеаялдарболсун аттуу флэш-мобго кошулууга үндөйт. Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы2 35 айылдык аймакта өткөн тренингдердин, тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралардын, жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча коомдук угуулардын катышуучулары чечкиндүү түрдө ООБА деп жооп беришти! Үч жүздөн ашуун эркек жана аял жергиликтүү кеңештерде аялдар БОЛСУН, 30 пайыз квота БОЛСУН дейт!

 

***

1 “«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна негиздеме кат, 2.11-пункт. Гендердик теңдикти камсыз кылуу.

2 Иш-чаралар Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржылаган жана ӨСИ аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулган (www.vap.kg).