“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун экинчи фазасынын киришүү семинары: Ысык-Көл

19.07.2019 12:07
Кыргызстан, Бишкек шаары, 720044, 7-Линия көчөсү, 65-үй/ 65, St. 7 Liniya, 72044, Bishkek, Kyrgyzstan
Тел. / tel.: +996 312 21 45 72/73/, факс./ Fax: +996 312 21 45 78, amambetova@dpi.kg
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун экинчи фазасынын киришүү семинары: Ысык-Көл

2019 жылдын 18 июлунда облустун Каракол шаарындагы мамлекеттик администрациясында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланган ХЕЛВЕТАС жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун экинчи фазасы боюнча киришүү семинары болуп өттү.

Семинарга айыл өкмөт башчылар, Ысык-Көл облустук өкмөтү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрация башчылары, Кыргыз өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, Швейцария өнуктүрүү жана кызматташуу бюнча агенттигинин өкүлү жана долбоордун өкүлдөрү болуп, жалпысынан 71 адам катышты.

Семинарды Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Монолдоров Д.Ч. ачты. Андан кийин Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин директорунун биринчи орун басары Байдылдаев М. cөз суйлөп, жергиликтүү дэңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда, долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Семинарда “Жергиликтүү дэңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жетекчиси Мамбетова А. М. долбоордун биринчи фазасынын негизги жыйынтыктары жана жетишкендиктери тууралуу презентация жасады. Ошондой эле семинардын негизги максаттарынын бири болуп долбоордун экинчи фазасынын максаттары, милдеттери  жана негизги багыттары боюнча кеңири маалымат берип, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берүү болуп саналган. Долбоордун биринчи фазасынын натыйжаларын, экинчи фазанын алкагында кеңейтүү жана тереңдетүү да пландаштырылууда.

Семинардын жүрүшүндө Жети-Өгуз айыл өкмөтүнүн башчысынан орун басары Кубатов А. катышучууларга жергиликтүү тейлөөнүү жакшыртуудагы жана муниципалитеттер аралык кызматташууда топтогон өз тажрыйбасы жөнундө айтып берди. Долбоордун өкүлдөрү муниципалитеттердин экинчи фазасына катышуу мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары тууралуу кенен айтып беришти. Семинардын катышуучулары мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдиришти жана өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн талкулоого активдүү катышышты.