Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Токтомго кол коюлду

19.04.2019 11:59
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтомуна КР Премьер-министри М.Д.Абылгазиев 2019-жылдын 1-апрелинде кол койду.
Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Токтомго кол коюлду

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 токтому

1 Чын куран, 2019

Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 121 жана 15-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  • Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  • Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети электрондук соода аянтчасынын техникалык операторун аныктасын.
  • Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин электрондук форматта түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
  • Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев