Жаштар дүйнөнү өзгөртөт

12.04.2019 17:01
Кочкор-Ата шаары алгачкы жолу мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) ишке ашырды.
Жаштар дүйнөнү өзгөртөт

2019-жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында болуп өткөн чоң иш-чара – Кочкор-Ата шаардык Мэриясы тарабынан жарыяланган мамлекеттик социалдык заказдын алкагында шаардын өспүрүмдөрү жана жаштары бош убактыларын туура эмес пайдалануусунун натыйжасында кылмыштуулукка, чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барбоосунун алдын алууга багытталган коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) ишке ашыруунун жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды. Иш-чара Мэрия жарыялаган конкурстун жеңүүчүсү деп табылган “Абад” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор-Ата шаарынын орто мектептеринин арасында өткөрүлгөн Мыкты идеялар конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. "Жаштар дүйнөнү өзгөртөт" деген аталыштагы бул иш-чарага шаардын №14 Губкина, № 15 Беки уулу Семетей, № 28 Ч.Айтматов атындагы орто мектептеринин жана Н.Исанов атындагы жатак мектебинин окуучулары катышты.

Конкурска 150 иши менен 100 окуучу катышып, Конкурстук комиссия алардын иштерин 3 номинацияда: "Менин сүйүктүү шаарым", "Менин кыялдануум" жана "Жаштар кылмыштуулукка каршы" деген темалардын алкагында сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк, дил баян жана көркөм ыр жазуу аркылуу баалады.

Тогуз адамдан түзүлгөн Конкурстук комиссияга: 4 мектептин ата-энелеринин бирден өкүлү, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын, шаардык сүрөтчүлөр Союзунун жана "Абад" коомдук фондунун өкүлдөрү кирген.  Комиссиянын жалпы чечими менен 1-орунга 43 окуучунун, 2-орунга 27 окуучунун жана 3-орунга 15 окуучунун эмгектери татыктуу деп табылып, аларга шыктандыруучу жана дем берүүчү белектер тапшырылды.

Кочкор-Ата шаары “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өнөктөшү болуп саналат. Аталган Долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы аркылуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылап, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат.