Кочкор-Ата шаары мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) аткарууда

05.04.2019 17:45
Шаар мэриясы коомдук-пайдалуу долбоорду аткаруу үчүн 2018-жылы жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардын арасында атайын сынак жарыялаган.
Кочкор-Ата шаары мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) аткарууда

2019-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак гимназиясында шаардагы өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукка, чыр-чатактарга, уруш-мушташууларга, рекетчиликке, укук бузуучулукка барбоого таасир көрсөтүүгө багытталган тренинг болуп өттү. Аталган иш-чарага гимназиянын 7-8-9-кластарынын элүүгө жакын окуучусу катышты.

Тренинг Кочкор-Ата шаардык Мэриясы 2018-жылдын июнь айында жарыялаган коомдук пайдалуу долбоорду (КПД) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүсү “Абад" коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү. 

“Иш-чаранын жүрүшүндө интерактивдүү сессиялары да уюштурулуп, анда окуучулар аталган темага болгон ойлорун жана пикирлерин билдиришти. Тренинг видео-роликтер жана слайд-шоу менен коштолуп, окуучулар алар аркылуу жеке максаттарын коюу жана аларга жетүүгө умтулуу боюнча жаңы билим жана көндүмдөргө ээ болушту. Тренерлер тарабынан окуучуларга максатка жетүү үчүн аны туура коюу жана ага кантип жетсе боло тургандыгы тууралуу да кенен маалымат түрдүү баяндамалар жана мисалдар аркылуу тартууланды. Ар кандай мотивациялык сөздөр жана алкоолор да тренерлер тарабынан айтылып, балдардын жеке жашоосуна, жакшы менен жаман жолдордун натыйжалары жана кесепеттери кандай таасир тийгизе тургандыгы жөнүндө көп сөз болуп, балдарга терең таасирин тийгизди”, – деди Чыныгүл Турдуматова, Кочкор-Ата шаардык Мэриясынын Аппарат жетекчиси, мамлекеттик заказ боюнча долдоордун баштапкы этабындагы координатору.

Кочкор-Ата шаары “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өнөктөшү болуп саналат. Аталган Долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы аркылуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылап, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат.

Аталган долбоордун алкагында ӨСИ өзүнүн башкаруу практикасына социалдык заказды киргизген өнөктөш шаарларга, аны менен катар ЖӨБ органдарына жана КЭУга долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында консультациялык колдоо көрсөтөт. Мындай колдоо артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоодон башталып, долбоорду тандап алып, анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен жыйынтыкталат.