Өнүктүрүү саясат институту саламаттыкты сактоо маселесин жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кошууга каршы

12.02.2019 11:54
Төмөндө келтирилген жүйөлөр жана эксперттик корутунду 2019-жылдын 26-февралында Парк отелде өтө турган коомдук угууда да айтылат.
Өнүктүрүү саясат институту саламаттыкты сактоо маселесин жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кошууга каршы

Мыйзам долбоору менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы жергиликтүү маанидеги маселе менен толуктоо сунушталууда:

«23) саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу».

Мыйзам долбоорун карап чыгып, аталган маселени жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине киргизүү мыйзамдарга карама-каршы келет жана максатка ылайык эмес деп эсептейбиз. Ага кошумча “саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу” маселесин тизмеге кошуу КР Конституциясынын, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын, “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын  башка мыйзамдык акттарынын ченемдерине карама-каршы келет деп эсептейбиз.

Саламаттык сактоо программаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн учурда жарандардын саламаттык сактоо жаатындагы конституциялык укуктарын камсыздоо жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө көз каранды болуп калат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 80 пайыздан ашыгы дотацияда турганын эске алганда, жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу үчүн бул шарттар Кыргыз Республикасынын көпчүлүк бөлүгүндө түзүлбөйт.

Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттеринин пикири жана корутундусунун толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыз болот: http://dpi.kg/ky/library/full/291.html