Чаек аймагынын ЖӨБ органдары жарандардын пикирин бюджетте эсепке алып, кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, жылына 250 миң сом үнөмдөй алышты

28.11.2018 11:21
Иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0770) 771-711, (0555 / 0500) 313-385, эл. дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg
Чаек аймагынын ЖӨБ органдары жарандардын пикирин бюджетте эсепке алып, кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, жылына 250 миң сом үнөмдөй алышты

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык аймагынын жашоочулары таштанды чыгаруу үчүн муниципалитетке экскаватор зарыл деп чечишти. Мунун натыйжасында аймактын жергиликтүү бюджети жылына 250 миң сом үнөмдөйт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик чыгашаларын бөлүштүрүүгө жарандардын да катышуусу мына ушундай чечимди кабыл алууга түрткү болду.

Атайын техниканы сатып алуу зарылчылыгы тууралуу маселени айыл тургундары ЖӨБ органдарынын алдына 2018-жылдын 26-январында койгон. Бул күнү артыкчылыктуу долбоорлорду тандап алуу боюнча айылдык чогулуш өткөн. Бирок бул жалгыз көйгөй эмес болчу. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо жылытуучу системаны оңдоо, бала бакчаны ачуу, таштанды полигонун тосмолоо, спорттук шаймандарды сатып алуу өңдүү көйгөйлөр да элеттиктерди тынчсыздандыра турганын көрсөттү. Бирок элдин басымдуу бөлүгү атайын техниканы сатып алууга добуш берди: "Чаек айылдык аймагынын курамына үч айыл кирет (Чаек, Ак-Татыр жана Беш-Терек). Бул айылдардын аймагында мектептер, бала бакчалар, медициналык, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелер бар. Имараттарды жылытуу үчүн электр менен кошо көмүр да колдонулат. Апта сайын жагылган көмүрдүн күлү 40 тонна болот. Атайын техниканын жоктугунан таштанды ижарага алынган машинеге жүктөлүп, полигонго кол менен түшүрүлчү, бул болсо өтө көп убакытты талап кылат. Жыл сайын бул максатта жергиликтүү бюджеттен 200-250 миң сом сарпталчу, бирок айыл өкмөтүндө бул акча дайыма эле боло бербейт экен. Эгерде күлдү өз убагында чыгарып турбаса, аймак таштандыга толуп калмак. Ошондуктан адамдар ушул долбоор үчүн добуш беришти”, - деп кырдаалды сүрөттөп берди Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айгүл Токтоналиева.

Чаек айылдык аймагы өз долбоорун “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) долбоорунун1 Чакан гранттар программасына жиберип, атайын техниканы сатып алууну кошо каржылоо үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө грант утуп алган. Аны менен катар аймактын жергиликтүү бюджетинин өз салымы бир жарым эсе көп болду – бир жарым миллион сомдон ашты (1 589 000 сом). Ошентип, экскаватор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чыгымын алты жылда актайт деп пландалууда. Бирок Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айгүл Токтоналиеванын баамында, иш жүзүндө андан да аз убакыт кетет: “Мындан ары сатып алынган атайын техниканын жардамы менен биз таштанды көйгөйүн гана эмес, ошондой эле арыктарды тазалоо, суу менен жабдуу системасын оңдоо өңдүү маселелерди чечебиз. Бул жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир кыйла жакшыртат. Ооба, биз чыгым болдук, бирок ошол эле маалда машиненин ижарасына кеткен жылдык чыгымдан кутулуп, ошол акчаны башка долбоорлорго тезирээк чогулта алабыз. Ал эми ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кошо каржылоосу – бул биздин муниципалитетке Швейцария элинен берилген мыкты белек болду”. КРнын сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык, атайын техниканы сатып алуу жергиликтүү бюджет аркылуу жүргүзүлдү. Бул үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкери тиешелүү тренингден өттү. Конкурста "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсы  жеңүүчү деп табылды. Бул компания экскаватор-жүктөгүчтү Бишкектен Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек муниципалитетине жеткирип берет.

“Беларус-892,2” тракторунун базасында жасалган “Амкодор-702ЕА” үлгүсүндөгү экскаватор-жүктөгүчтү муниципалитеттин өкүлдөрү 2018-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында расмий түрдө алышты. Тапшыруу аземине Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Чаек айылдык аймагынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын журналисттери катышышты.

 

_________________________

1 “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.