«Катуу таштандыларды чыгаруу жана айлананы көрктөндүрүү боюнча кызматтарды уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананы өнүктүрүү» темасында тажрыйба алмашуу

01.10.2018 16:13
«Катуу таштандыларды чыгаруу жана айлананы көрктөндүрүү боюнча кызматтарды уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананы өнүктүрүү» темасында тажрыйба алмашуу

2018-жылдын 26-сентябрында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржыланган ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Жалал-Абад областынын Токтогул шаарында “Катуу таштандыларды чыгаруу жана көрктөндүрүү” боюнча Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы  пилоттук айыл аймактар үчүн тажрыйба алмашуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Тажрыйба алмашууга “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун адистери, Жалал-Абад  жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук айыл өкмөттөрүнүн башчылары, таштандыларды чыгаруу боюнча кызматтарды аткарып жаткан муниципалдык ишканалардын жетекчилери, долбоордун өнөктөшү “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”долбоорунун Ош, Нарын облусунун өкүлдөрү болуп жалпысынан 72 адам катышты.

Бул иш чарада катышуучуларга  «Муниципалдык ишканалардын иш жүргүзүүсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана камсыз кылуу тажрыйбасы» темасында презентациялар жасалды:

  • Таштандыларга болгон тарифтерди иштеп чыгуу, коомдук угууда талкуулоо, кабыл алуу;
  • Субсидия жөнүндө түшүнүк, анын  түрлөрү жөнүндө;
  • Муниципалдык тапшырык жөнүндө түшүнүк, муниципалдык тапшырыктын негизги мүнөздөмөсү, муниципалдык тапшырыкты иштеп чыгуу ;
  • Провайдердин өнүгүүсү, төлөмдөрдү чогултуу деңгээлин жогорулатуу.
  • Натыйжага багытталган бюджетти иштеп чыгуу (БОР);
  •  Кызмат көрсөтүү процессинин экономикалык жана каржылык туруктуулугунун негиздери.
  • Сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн провайдерлерге эмнелер жетишпейт деген суроолорго жооптор берилди.

Негизинен  иш-чара ( диалог) пикир алмашуу катары өткөрүлүп,  провайдерлер менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы чечилбей келе жаткан маселелерди чечүгө өбөлгө түздү. Бул иш-чарада муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүсүнүн туруктуу болуп, өнүгүүгө багытталып, тарифтерди жыйноодо, муниципалдык тапшырыктарды аткаруу боюнча атайын эксперттин консультациясы берилип, катышуучуларды кызыктырган көптөгөн суроолоруна жооп берилип, көйгөйлөрүн чечип алууга жетишишти. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына долбоордун алкагында берилген заманбап, атайын техникасынын кызмат көрсөтүү учурундагысын корүп таанышышып,  таштандыларды чыгаруу боюнча ар түрдүү маалыматтар жана тажрыйбалары менен ой-пикир алмашышты.