Көчөлөрдү жарыктандыруу кызматтарын жакшыртуу

29.08.2018 13:07
Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол аймагындагы Таштак айылынын 3 км, Жаңы-Жол айылынын 2 км аралыктагы борбордук көчөлөрунө түнкү жарыктандыруу тармагы орнотулду
Көчөлөрдү жарыктандыруу кызматтарын жакшыртуу

2018-жылдын 16-августунда “Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында аткарылган Жаңы-Жол айыл аймагындагы Таштак жана Жаңы-Жол айылдарында курулган түнкү жарыктандыруу тармагынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлөт.

Ал салтанатуу ачылыш аземине, Хельветас уюмунун жана Өнүктүрүү Саясат Институтунун өкүлдөрү, PSI долбоорунун өкүлдөрү, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы, коңшу айыл аймактарынын өкүлдөрү ошондой эле Жаңы-Жол айыл аймагындагы Таштак жана Жаңы-Жол айылдарынын жашоочулары катышышат.

Долбоордун максаты жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдүү чечүүдө жакындан жардам көрсөтүү, жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына карата көрсөтүлүп жаткан кызматтар сапаттуу , жеткиликтүү жана туруктуу болуусу зарыл. Ошондуктан түнкү жарыктандыруу кызматтарын жакшыртуу маселеси 7 миң жашоочусу бар Жаңы-Жол айыл аймагында жергиликтүү тургандардын суроо-талаптарына ылайык кабыл алынган.

Жаны-Жол айыл аймагында 2016-жылдын 9-июль күнү Жаны-Жол аймагынын 4 айылда аярлуу топтордун фокус-группалары тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү жана айыл аймагынын өнүктүрүү программасынын биргелешкен аракет пландары (БАП) тааныштырылып, айыл аймактын өнүгүү программасынын планына өзгөртүү киргизуу боюнча айыл аймактын 74 жарандарынын, активдеринин катышуусунда кенейтилген жыйын өткөрүлдү.  Ал кеңейтилген жыйында айыл аймактагы эң көйгөйлүү маселелер каралды. Ошондой эле КЖАПты иштеп чыгуу боюнча 7 адамдан турган жумушчу топ түзүлүп, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлунда №32 буйругу менен бекитилди.

“Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында Жаңы-Жол айыл аймагында түнкү жарыктандыруу кызматтарын жакшыртуу аракеттер планы иштелип чыгып: Таштак айылында 3 км, Жаңы-Жол айылында 2 км аралыктагы борбордук көчөлөргө жарыктандыруу системасы курулду.

  • КЖАПтын жалпы суммасы: 1 616 613 сом;
  • Грантын суммасы: 1 436 613 сом;
  • Өздүк салымдын суммасы: 180 000 сом.

“Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен бул кызматтарды жакшыртуунун жыйынтыгында 2500 эки айылдын жергиликтүү тургундарына, айылдын борборунда жайгашкан соода түйүндөрүнүн, чакан ишканалардын ээлерине, мектепке каттаган 397 окуучуларга, 75 мугалимге ылайыктуу шарттар жаралды .Ошондой эле айылда түнкү жарыктануу курулгандан тарта кылмыштуулуктун саны төмөндөгөн.

"Көчөлөрдүн жарыктандырылуусу биздин айылдар үчүн коопсуз жана бакубат жашоо сезимин алып келди. Мен азыр жумуштан кийин түнкүсүн жүрүүдөн коркпой калдым. Азыр биздин кошуналар бири-бирине күн баткандан кийин да коноктоп, бири-биринен кабар алып калышты. Ошондой эле жаш балдардын да кечинде ойноо үчүн чогулганы бизди кубандырып жатат”- деп биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү Эркинай Матанова билдирди.

"Мен буга чейин дүкөндү эрте жаап кетчүмүн, бирок азыр кеч саатка чейин иштетип жатам. Бул кызмат менин бизнесимин өрчүшүнө жардам берди”, - айылдын дагы бир тургуну баса белгилеп кетти.

 Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө жалпы калк пайдалануучу жайларды жарыктандыруу боюнча бюджеттин тартыштыгынан кызматтарды көрсөтүүнүн башкаруу усулу жоктугунан, калкты бул кызмат менен тейлөө жагы аксап келген. Долбоордун алкагында даярдалган КЖАПтын негизинде бул кызматтарды көрсөтүүдө керектүү болгон башкаруу усулу, бюджети эсептелип, муниципалдык тапшырык даярдалды. Айыл аймагынын бюджетинде биринчи жолу муниципалдык заказ деген статья пайда болуп, жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты, жекиликтүүлүгү жана туруктуулугу камсыздалды.