Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жакшыртуу

27.08.2018 10:16
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагындагы Мукур жана Байгашка-Терек айылдарында 2 бала бакча ачылды.
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жакшыртуу

2018-жылдын 14-августунда “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында  аткарылган  Авлетим айыл аймагындагы Мукур жана Байгашка-Терек айылдарында  уюштурулган балдар бакчаларынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Ал салтанатуу ачылыш аземине Хельветас ассоциясынын жана Өнүктүрүү Саясат Институтунун өкүлдөрү, PSI долбоорунун өкүлдөрү, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы, коңшу айыл аймактарынын өкүлдөрү, андан сырткары педагогдор, жаңы балдар бакчаларында тарбиялануучу наристелер жана алардын ата-энелери, ошондой эле Авлетим айылаймагындагы Мукур жана Байгашка-Терек айылдарынын жашоочулары катышышты. 

Долбоорунун алкагында Авлетим айыл аймагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын жакшыртуу аракеттер планы иштелип чыгып: Байгашка-Терек айылындагы эски мектептин имараты толук капиталдык ремонттон чыгарылып, жылытуу системасы заманбап система менен реконструкцияланды, эмерек, жабдуулар менен камсыздалды. Мукур айылындагы балдар бакчасынын жаңы имаратына  бардык керектүү болгон  эмерек, жабдуулар алынып берилди.

  • КЖАПтын жалпы суммасы: 2 483 253 сом;
  • Грантын суммасы: 3 083 253 сом;
  • Өздүк салымдын суммасы: 400 000 сом.

“Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен бул кызматтарды жакшыртуунун жыйынтыгында Мукур жана Байгашка-Терек айылдарында 110 наристеге мектепке чейинки билим-тарбия берүү,  жергиликтүү тургундар үчүн 22 жумуш оруну пайда болду жана 110 тарбиялануучулардын ата-энелерине жумушка чыгууга шарттар жаралып, айылдын жашоочуларынын социалдык-экономикалык шарттарынын жогорулашына шарттар жаралды.

“Балдарыбыздын бала бакчага барып баштаганы бизди абдан кубандырып жатат. Себеби бул кызмат балдарыбыздын билим алусууна гана эмес, биз, жаш энелер үчүн иштөөгө да шарттарды түзүүдө. Мен азыр жумуш караштырып жатам”- деп аземге катышкан энелердин бири баса белгиледи.

Ал эми айыл аймагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү 30 жыл аралыгында чечилбей келген көйгөй чечилип, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулады. Ошондой эле долбоордун жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жана муниципалдык кызматтарды  көрсөтүүдө ЖӨБО кызматкерлеринин, айылдык кеңештин депутаттарынын, коомдоштук уюмдардын мүчөлөрүнүн, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу максатында зарыл болгон тренинг окутуулар жүргүзүлүп, техникалык жардамдар берилди.