Швейцария Жалал-Абад облусунун айылдарынын 5800 ашуун тургундарына ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча жардам көрсөттү

13.08.2018 14:08
2018-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагында жакшыртылган таза суу менен камсыз кылуу системасынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Швейцария Жалал-Абад облусунун айылдарынын 5800 ашуун тургундарына ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча жардам көрсөттү

Таза суу менен камсыз кылуу системасын жакшыртуу максатында 3245 метр узундуктагы жаңы суу түтүгү орнотулуп, 500 м3 суу сактоочу көлмө ремонттолуп, 180 метр тереңдиктеги жер алдынан артезиан суусу (скважина) чыгарылып, жаңы терең электрондук насос орнотулган. Жаңы суу түтүктөрү 848 кожолукка киргизилип, бүгүнкү күндө Багыш айыл аймагынын Октябрь жана Кедей-Арык айылдарынын 5800 дөн ашык тургундары таза суу менен 24 саат бою камсыз болууда.

Бул иш-чаралар Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы аркылуу каржылаган ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылган.

«Биздин айыл тургундары, акыры, ичүүчү таза суу менен камсыз болгонуна абдан кубанычта. Адамдар суунун акчасын бекитилген тариф боюнча төлөөгө даяр, себеби, алар бул каражаттардын сууну үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн колдонулаарын түшүнүшөт», - деп Багыш айыл аймагынын башчысы Мурзабеков Райым мырза билдирди.

Ичүүчү суу үчүн төлөм коомдук угуулардын натыйжасында эл менен макулдашылып, андан кийин жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилген. Бул төлөм, чыгымдардын баарын камтыйт жана сууну камсыздоочу катары иштеп жаткан Ичүүчү Сууну керектөөчүлөр бирикмесинин, каржылык жактан туруктуу жана натыйжалуу болушуна шарт түзөт.

«Мен суу менен камсыздоо системасынын калыбына келтирилгенин көрүп кубанып турам. Бирок, аны менен бирге кызмат корсотуулорду башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кесиптик дараметинин жогорулашы, төлөмдөрдүн коомчулук менен макулдашуу аркылуу түзүлгөнүн да өтө маанилүү деп эсептейм. Мындай аракеттер жеткиликтүү, туруктуу жана жогорку сапаттагы кызматтарды камсыз кылат деп ишенем!», - деп, Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин башчысынын орун басары Даниель Монтелеон айым билдирди.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” швейцариялык долбоору баардыгы болуп өлкөдө жалпы суммасы 92 млн сомду түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча 36 аракеттер планын ишке ашырууну колдоп келет.  Аймактактардын өз салымы 30% түзөт. Долбоор тарабынан колдоого алынган кызматтарды жакшыртуу пландарынын арасында, ичилүүчү таза сууну туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу демилгеси, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, айлана-чөйрөлөрдү жакшыртуу ж.б. демилгелери ишке ашырылат.