МСЗ: Коомдук пайдалуу долбоордун таасирин кантип баалайбыз?

12.07.2018 12:41
МСЗ: Коомдук пайдалуу долбоордун таасирин кантип баалайбыз?

2018-жылдын 11-12-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында “Мамлекеттик социалдык заказ: Коомдук пайдалуу долбоорго мониторинг жана баалоо” деген аталышта атайын тренинг өтүп жатат.

Окутууга Баткен, Каракол жана Кочкор-Ата шаардык мэрияларынын вице-меэрлери,  социалдык маселелер боюнча адистери жана Баткен шаардык мэриясы жарыялаган коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүсү болуп табылган Баткен облусунун коммерциялык эмес уюмунун адистери катышып жатышат.

“Аталган 3 шаар мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) механизмин пайдалануу аркылуу муниципалитетке пайдалуу долбоорду ишке ашыруунун үстүнөн бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн иш аракеттерди аткарышты. Үчөөнүн арасынан пионер болгон Баткен шаары конкурстун негизинде тандап алган коомдук уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте алдыдагы өнөктөштүгүнүн кадамдарын жана күтүлүүчү натыйжаларын да ушул жерде биротоло талкуулап, болжолдуу мөөнөттөрдү белгилөө менен бирге ресурстарды оптималдаштыруунун үстүнөн да иштеп алышат. Аны менен катар окутуунун программасына ылайык, МСЗ механизми аркылуу ишке ашырыла турган коомдук-пайдалуу долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүү жана ал процесске катышкан бардык тараптардын ролдорун жана жоопкерчиликтерин карап чыгабыз. Албетте, бул долбоорлор үч муниципалитеттин ар бириндеги көйгөйлүү деп табылган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган болушу керек, – деди Айнура Жунушалиева, ӨСИ тараптан Долбоордун менеджери. 

Катышуучуларга сунушталган маалымат жана билимдердин натыйжалуу кабыл алынгандыгын окутуунун жүрүшүндө каралган практикалык жагы – чакан топтордо иштөө жана анын натыйжасында даярдалган пландарды тартуулоо жана жалпы талкууга коюу көнүгүүлөрү да каралган.

Иш-чара USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылуучу “Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык заказды ишке ашыруу боюнча потенциалын чыңдоо” долбоорунун алкагында уюштурулду. Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөк көрсөтөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (East-West Management Institute) тарабынан ишке ашырылууда.