Баткен шаарынын биринчи вице-мэри: Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу тургундарыбыздын шаарга болгон мамилесин өзгөртүү максатын койдук

29.06.2018 15:40
Бул тууралуу Баткен шаарынын биринчи вице-мэри Мамасадык Султанов бүгүн "Кабар" маалымат агенттигинде болуп өткөн атайын пресс-сессияда билдирди.
Баткен шаарынын биринчи вице-мэри: Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу тургундарыбыздын шаарга болгон мамилесин өзгөртүү максатын койдук

2018-жылдын 29-июнунда Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек шаарында атайын пресс-сессия болуп өттү. Пресс-сессияда  Баткен шаарынын биринчи вице-мэри Мамасадык Султанов жана Баткен шаардык мэриясынын социалдык-маданий секторунун башкы адиси Айкынова Ибадат республикалык жана борбордук массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. 

"Баткен шаары – Кыргызстандын эң жаш шаарларынын бири. Албетте, шаарда азыркыга чейин чечилбей келген маселелер бар, бирок биз бардыгыбыз чогуу аракет жасап, аларды чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Ошондой көйгөйлөрдүн бири – таштанды маселеси. Албетте, биздин шаарда да тазалыкты  камсыздаган ишкана өз жумушун аткарат, бирок алар таштандыны алып чыгып кеткенден 10-15 мүнөт өткөндөн кийин эле алардын ишин жокко чыгарып, калкыбыз кайра эле таштандыларды чыгарып коет. Ошол себептен шаарыбыздын тазалыгын сактоо жана тургундарыбыздын тазалык маданиятын жогорулатууга жардам берүү максатында, биз мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) механизмин пайдаланууну туура таптык. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн биз облустун жарандык коом уюмдары үчүн 2017-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик социалдык заказ (МСЗ) жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында коомдук-пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс жарыяладык. Бул тема бекеринен келип чыккан жок. Себеби биз өнөктөшүбүз Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте шаар муктаждыгын биргелешип аныктоо боюнча көптөгөн иш аракеттерди өткөрдүк. Ошол аракеттердин натыйжасында шаар тазалыгы эң артыкчылыктуу экендиги аныкталды. Ошондо биз бул багытта иш баштап, шарттуу түрдө "Баткен шаарынын тазалыгы” деп деген аталышта конкурс жарыяладык. Демилге адамдардын тазалыкка болгон көз карашын, мамилесин өзгөртүүсүнө таасир тийгизген долбоорду иштеп чыгууну туура таптык, – деди Мамасадык Султанов. 

Бул багыттагы болочок долбоордун коррдинатору, Баткен шаардык мэриясынын социалдык-маданий секторунун башкы адиси Айкынова Ибадат бул убакытка чейин аткарылган иш-чаралар жана алардын натыйжалары тууралуу айтып өттү.

"Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында ишке ашырылуучу конкурс коммерциялык эмес уюмдардын арасында 2018-жылдын май айында жарыяланды. Азыркы учурда Баткен облусунда конкурс аркылуу тандап алынып, атайын окуудан өткөн Гранттык комиссиянын мүчөлөрү конкурстун натыйжасында келип түшкөн 3 долбоордун бирин тандап алышты. Биздин бул долбоордон күткөнүбүз – коммерциялык эмес уюмдардан идеялар жана жаңылыктар түшсө, алардын натыйжасында Баткен шаарынын калкынын тазалыкка болгон мамилесин өзгөртүү. Анткени Муниципалдык социалдык заказ (МСЗ) өлкөбүздө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн санын жана сапатын жогорулатууга жол берген аспап катары саналып, ал аркылуу социалдык программалардын даректүүлүгүн, жетимдүүлүгүн жана көпчүлүктүүлүгүн арттырууга алып бара тургандыгына биз ишенебиз, – деди Ибадат Айкынова. 

Жарыяланган конкурс “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлүүдө. Конкурстун толук шарттары облустук “Баткен таңы” гезитинин №17 жана шаардык “Өрүкзар” гезиттеринде жарыяланган.

Баткен шаары “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин потенциалын күчөтүү” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) өнөктөшү болуп саналат. Аталган Долбоорду USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы аркылуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылап, Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырат. Аталган долбоордун алкагында ӨСИ өзүнүн башкаруу практикасына социалдык заказды киргизген өнөктөш шаарларга, аны менен катар ЖӨБ органдарына жана КЭУга долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында консультациялык колдоо көрсөтөт. Мындай колдоо артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоодон башталып, долбоорду тандап алып, анын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен жыйынтыкталат.