Баткен шаары тазалык үчүн күрөшөт!

18.05.2018 18:03
Баткен шаары тазалык үчүн күрөшөт!

Жыйырма алты миңден ашуун калкы бар Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары шаар тургундары менен биргеликте тазалык үчүн күрөшүү аракеттерин баштады. Бул максатта Баткен шаарынын калкынын тазалыкка болгон көз карашын өзгөртүү үчүн мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого конкурс жарыяланды. Аталган конкурска коммерциялык эмес уюмдар катышууга чакырылат. Алгачкы жолу шаардын көйгөйлүү маселесин чечүүгө мамлекеттик социалдык заказ механизими колдонулат. Бул шаардык администрациясы жана коомчулуктун өз ара аракетешүүсү аркылуу шаардын көйгөйлүү маселесин чечүүгө болгон мүмкүнчүлүктү жаратат.

“Шаардын борборунда төрт базар жайгашкан, бирок алардын аянты мурдагы айылдын деңгээлиндеги аянты менен гана чектелип калган, бирок сатуучулардын саны күн сайын өсүүдө. Базарлардын ичинде жана шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан соода түйүндөрүнүн 70-80% таштанды үчүн үкөктөрү жок. Ошондуктан көчөдө жүргөн шаар тургундары жана коноктору таштандыны суу агуучу ноолорго таштап коюшат, ал эми шаар тургундары да улам, көчөгө таштандыларды каалаган убакта чыгарып коюшат. Бул өз кезегинде түрдүү жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келет. Албетте, бул маселелер «Тазалык» ишканасы тарабынан чечилиши керек, бирок тилекке каршы шаар тургундарынын таштанды топтоо жана чыгаруу акысын өз убагында жана жетишерлик төлөбөй жаткандыгынан улам, бул мекеменин техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп жатат. Бирок шаардын ар бир тургуну биздин шаарыбызга өз үйүндөй, короосундай мамиле жасаса, шаарыбыз кооз жана таза болмок, - дейт Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов.

Жарыяланган конкурс “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” КР Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлөт. Конкурска жарыяланган теманын чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок коммерциялык эмес уюмдар 2018-жылдын 13-июну саат 12.00гө чейин өз табыштамаларын бере алышат. Конкурстун толук шарттары облустук “Баткен таңы” гезитинин №17 жана шаардык “Өрүкзар” гезиттеринде жарыяланды.

Конкурс тууралуу толук маалыматты жана толтурулуучу бланкты алуу үчүн Айкынова Ибадатка  5 09 78,  (0770) 28 03 56 номерлери, meria-batken@mail.ru  электрондук же  Баткен шаары, И.Жусупов көчөсү №46-үй дерги боюнча жайгашкан Баткен шаарынын мэриясына кайрылсаңыздар болот.