Чакан гранттар программасынын конкурсуна 2018-жылы 121 долбоордук өтүнмө түштү

15.02.2018 18:58
Чакан гранттар программасынын конкурсуна 2018-жылы 121 долбоордук өтүнмө түштү

2018-жылдын 15-февралында Чакан гранттар программасынын конкурсуна катышуу үчүн долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алган акыркы күн болду. Бул конкурсту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурду. Саат 17.00дө долбоордук өтүнмөлөрдү каттоо аяктады. “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги:бюджеттик процесс” долбоорунун Чакан гранттар программасы Нарын жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмөлөрдү кабыл алды.

“Каттоо барагы жабылган учурга карата 121 өтүнмө түшкөнү белгилүү болду. Алардын ичинен 59у Нарындан жана 62си Ош облусунан. Биз бул жергиликтүү жамааттардын 121 артыкчылыктуу көйгөйүн чечүүгө үмүт болгонун жакшы түшүнүп турабыз. Биз мындай сандагы долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоонун артында ЖӨБ органдарынын кандай эмгеги жана күчү жатканын билебиз. Конкурска даярдануунун алкагында эки облустун ЖӨБ органдары коомдук иш-чараларды өткөрүштү, өздөрү да биздин атайын тренингдерибизге жана консультациялык жолугушууларыбызга катышты. Эми конкурс башталууда. Алдын ала тандоодон өтө турган өтүнмөлөр 35 орун үчүн ат салышат. 2018-жылы Чакан гранттар программасынын фонду 35 миллион сомду түздү. Мындан улам Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн алдында абдан оор жана чоң жоопкерчиликти талап кылган иш турат – бардык өтүнмөлөр менен таанышып чыгып, аларды баалап, мыкты долбоорлорду аныктоо. бул – жамааттын аныкталган артыкчылыктарына жооп катары чындап иштелип чыккан, калк менен кеңири талкуулардан өткөн долбоорлор. Долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу көп сандагы аялдардын көйгөйлөрүн чечүү, мында аялдардын кызыкчылыктарын эсепке алуу болжолдонуп жаткан долбоорлор. Ушундан улам мен өзөтүнмөлөрүн жиберген өнөктөштөрүбүздөн чыдамкай болуп, конкурстун жыйынтыгы чыккан күндү күтө турууга чакырам. Конкурстун жыйынтыктары 2018-жылдын 10-мартынан кийин жарыяланат. Биз бүгүнтөн баштап эле өтүнмөлөр менен иштей баштадык. Ар бир өтүнмөгө уникалдуу код берилет. Мунун жардамы менен комиссиянын мүчөлөрү муниципалитетти эмес, сүрөттөлгөн долбоорду баалашат. Башкача айтканда, өтүнмөлөрдөн аны берген муниципалитет тууралуу бардык сөздөр алып салынат жана комиссия долбоорлорду бейтарап жана объективдүү баалай алат”, деп айтты Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ.

2018-жылы гранттын суммасы бир долбоор үчүн 1 миллион сомду түзгөн. Ар бир муниципалитетөтүнмө берүүчү Конкурска экиден ашпаган долбоор берип, экиден ашпаган грант алалат. Акча каражаттары сом менен, Долбоорду тейлеген коммерциялык валютанын курсу боюнча которулат. Ошону менен бирге жергиликтүү жамааттын салымы гранттык долбоордун жалпы баасынан 10 %дан кем эмесин түзүшү керек.