Нарын жана Ош облустарынын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинде каралган мониторинг жана баалоо системасы менен таанышып чыгышты

16.02.2018 10:56
Нарын жана Ош облустарынын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинде каралган мониторинг жана баалоо системасы менен таанышып чыгышты

9-февралда Ошто, 15-февралда Нарында “Коомдук мониторинг жана бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси” темасына Ош облусунун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү үчүн тренингдер өттү.

Тренингди Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурду.

““Биринчи тренинг Ош шаарында өтүп, биз ага жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырдык. Тренингдин негизги максаты – коомдук мониторинг жаатында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачыктык жана айкындуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптары жөнүндө маалымдоодо коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн дараметин күчтөндүрүү. Жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинде каралган биргелешкен мониторинг жана баалоо системасы тууралуу маалымат берилгенден тышкары, катышуучуларга коррупциялык көрүнүштөр өзгөчө көп байкалган чөйрөлөрдө ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн өзүнчө аспаптары да тартууланды. Аны менен катар, катышуучуларга мамсатып алуулар порталы жана кадастрдык геомаалыматтар системасы (КГМС) аркылуу мониторинг жүргүзүү боюнча Колдонмо да берилди (муниципалдык менчиктеги объекттер – жерлер жана кыймылсыз мүлк объекттери менен бүтүмдөр). Семинар маалында бардыгында тигил же бул ЖӨБ органы же маморган эмнени сатып алып жатканын онлайн режиминде көрүү мүмкүнчүлүгү болду. Ушундай эле тренинг Нарын облусунун бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Нарында өткөрүлдү. Катышуучулардын жалпы саны 39 адам болду, алардын ичинен 26сы аялдар”, - деп айтты Долбоордун мониторинг жана баалоо боюнча адиси Медет СУЛТАМБАЕВ.