Ак-Муз аймагынын тургундары Биргелешкен аракеттер планын талкуулашты

10.11.2017 17:43
Ак-Муз аймагынын тургундары Биргелешкен аракеттер планын талкуулашты

2017-жылдын 9-ноябрында Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары аймактын жашоочулары, жергиликтүү Кеңештин депутаттары, мекеме жетекчилери, коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары жана башка кызыкдар тараптар менен актуалдуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү боюнча биргелешкен аракеттер Планын (БАП) талкуулашты.

Жыйын аймактын Маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулган чакан концерт менен ачылып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн (АӨ) башчысы Капатов Азатбек жыйынды ачып, аймак турмушуна көңүлкош болбой, өткөрүлүп жаткан жыйынга катышып жатышкандыктары үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Жыйындын максаттары, катышуучулардын жүрүм-турум эрежелери, баяндамаларды тартуулоочу адистери менен тааныштырган соң, “Ак-Муз” муниципалдык ишканасынын директору Чыңгыз Эсенгелдиев жамаат муктаждыктарын биргеликте аныктоо процессинин жүрүшү боюнча маалыматты тартуулады.

Демилгелүү топтордун жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун сунушталган курамы менен айылдык китепкананын башчысы Баян Болотова тааныштырып өтүп, жыйындын катышуучуларынан өз сунуштарын берүүлөрүн суранды.

“Жогоруда айтылган иш-чаралардын бардыгы Ак-Муз айылдык аймагынын Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору менен түзүлгөн Кызматташтык тууралуу Меморандумдун алкагында өткөрүлгөн. Бул Долбоор менен биз 2017-жылдын жаз мезгилинен тарта кызматташып келе жатабыз. Бүгүнкү иш-чараны уюштуруу жана  өткөрүү боюнча биз атайын окуудан өтүп, мындан 2 жума мурда биз атайын маалымат өнөктүгүн өткөргөнбүз; калк арасында атайын чакыруу кагаздар таркатылып, жарыялар менен афишалар аймактын эл топтолуучу жерлерине илинген. Ал эми артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча БАПты иштеп чыгуунун жыйынтыгын талкуулоо бүгүнкү жыйындын негизги жана өзөктүк учуру болду. Мында ар бир аныкталган көйгөй боюнча аларды чечүү жолдору, анын ичинде мөөнөттөрү, жооптуулар жана пландалган каржылоонун көлөмү талкууга коюлду. Убакыт ченелүү болгондуктан, биз катышуучулардан өз сунуштарын жана пикирлерин жазуу жүзүндө берүүсүн суранып, жыйындын алдында атайын кагаз менен калем саптарды баяндамалар менен бирге таратып бергенбиз. Ошондой эле биз жыйынга облусттун 13 аймагынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу максатында чакырганбыз. Алар менен бирге ЖӨБ жана этникалар аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин облустагы өкүлү Омушев Таалайбек жана швейцариялык Долбоордун адистери катышышты”, - деди АӨ башчысы Капатов Азатбек.

Баяндамалар тартууланган соң, катышуучулар тарабынан тактоочу суроолор жана сунуштар берилип, аларга АӨнүн тиешелүү адистери жооп беришти.

Жыйын соңунда сунушталган биргелешкен аракеттер Планы катышуучулар тарабынан бир добуштан колдоого алынып, жактырылды.