Керектөөчүлөрдү социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен кантип камсыздаса болот?

28.09.2017 17:26
Керектөөчүлөрдү социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен кантип камсыздаса болот?

2017-жылдын 29-сентябрында өз муниципалитеттеринде муниципалдык социалдык заказ механизмин колдонууга кызыкдар болгон Кыргыз Республикасынын шаардык жана элеттик муниципалитеттеринин башчылары үчүн маалыматтык семинар өтөт. Семинардын катышуучулары мамлекеттик социалдык тапшырык (МСТ), анын механизмдери, артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле МСТ долбоорун ишке ашырууга катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу жөнүндө маалымат алышат. 

Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) бул семинарды USAID'дин биргелешип башкаруу боюнча программасынын колдоосу менен "Социалдык тапшырыкты ишке ашыруу боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин потенциалын күчөтүү" долбоорунун алкагында өткөрүп жатат. Семинар учурунда МСТ долбоорун ишке ашырууга катышууга өтүнмөлөр кабыл алынат. 

"2014-жылдын соңуна чейин Кыргызстанда мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайгаштыруу практикасы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин иши менен гана чектелип келген. Ал эми ЖӨБ деңгээлинде иштер такыр жасалчу эмес. Бирок 2015-жылдан тартып муниципалдык (мамлекеттик) тапшырыкты кеңири жайылтуу практикасы байкалууда. Кыргыз Республикасындагы 11 муниципалитет эгемен өлкөнүн тарыхында биринчи жолу долбоорлорду ийгиликтүү аткарып, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү эффективдүү жана сапаттуу уюштура аларын далилдей алышты. Алар калктын эң аярлуу катмарлары үчүн бул кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен аларды керектөөчүлөргө жакындата алышты. Муниципалдык социалдык тапшырыктын алкагында ДМЧ балдар үчүн борборлор жана балдарды мектепке даярдоо борборлору түзүлдү. Алар кийин муниципалитетке караштуу балдардын мектепке чейинки мекемелерине айланды. Муниципалитеттер салттуу билимди, маданиятты жана кыргыз элинин тарыхын сактоо жана кеңири жайылтуу боюнча борбор ачышты", - деди Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда Добрецова.

Биргелешип башкаруу боюнча программа (ББП) Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана жеке сектордун өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги (DFID) тарабынан каржыланып, аны Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) ишке ашырып келүүдө.