Жалал-Абадда балдар жана жаштардын келечектеги өнүгүүсү талкууланды

27.09.2017 09:19
Жалал-Абадда балдар жана жаштардын келечектеги өнүгүүсү талкууланды

2017-жылдын 26-сентябрында Жалал-Абад шаарында "Балдар жана жаштар жергиликтүү жамааттын келечектеги өнүгүүсүнүн элементи" деген аталышта тренинг болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасындагы UNICEF Фонду колдоого алган долдоордун аткаруучусу Өнүктүрүү саясат институту тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө учурда өлкөдөгү өспүрүмдөрдүн жана жаштардын абалын баалоо, жергиликтүү пландоо, бюджет түзүү жана аны аткаруу маселелерин башкаруу, жаштардын катышуусу менен мониторинг жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын өнүктүрүү жана ага техникалык жактан жардам берүү маселелери талкууланды.

Бул долбоор Кыргызстандын Ысык-Ата жана Сузак райондорунда ишке ашырылып, анын алкагында 10 пилоттук аймакта "Балдарга жагымдуу айылдар" демилгеси аркылуу аймактагы балдар жана жаштар үчүн жашоо-шарттарын жакшыртуунун үстүнөн иш алып баруу пландалган.