Чүй облусунун муниципалдык веб сайттарынын администраторлору Пайдалануучунун колдонмосу менен таанышты

03.07.2017 11:28
2017-жылдын 30-июнунда Бишкекте муниципалдык сайттардын мазмунун башкаруу системасын Пайдалануучунун колдонмосу тартууланды.
Чүй облусунун муниципалдык веб сайттарынын администраторлору Пайдалануучунун колдонмосу менен таанышты

Окуу китеби ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Чүй облусунун 11 элеттик муниципалитети үчүн ачылган муниципалдык веб сайттардын администраторлору үчүн атайын иштелип чыккан.

“Контентти башкаруу системасы (CMS) сайттын администраторлоруна кандайдыр бир атайын көндүмдөрсүз сайтты башкарууга жардам берүү максатын көздөйт. Башкача айтканда алар жаңы барактарды, жаңылыктарды жарыялап, сүрөттөрдү жана видеолорду жүктөп, тышкы ресурстарга шилтеме жасап, дагы башка функцияларды аткара алышат, - деди окуу китебинин автору, Weltkind веб-студиясынын өкүлү. – Бул контентти башкаруу системасынын айырмалуу бир жагы – сайттарды башкаруу үчүн кеңейтилген функционал, коопсуздук жана колдонуу да жеңил болот”.

Бет ачардын жүрүшүндө катышуучуларга өз веб-сайтына материалдарды жана сүрөттөрдү өз алдынча даярдоо жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Долбоордун адистери – IT адиси Станислав БАЛЫБИН жана коомчулук менен байланыш боюнча адис Нургуль ЖАМАНКУЛОВА тренер болушту.

“Жакында эле Долбоордун колдоосу менен ачылган муниципалдык веб-сайттардын бизге окшогон жаңы редакторлору үчүн баарын угуп, көрүп, өз алдыбызча жасоо үчүн жакшы жакшы шарт түзүлдү, - деп айтты Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Бактыгуль. – Иш-чара учурунда биз материалдарды сайттын түрдүү бөлүмдөрүнө жайгаштыра алдык. Мага бул абдан кызыктуу болду. Анткени буга чейин веб-сайтты сыртынан эле, даяр түрүндө көрүп жүрчүмүн. Эми болсо мындайча айтканда “ашканасын” ичинен көрүп, атүгүл ал жерде “кыймылдай” да баштадым”. Бир күн бою веб-сайттардын бардык администраторлору өз алдынча жумуштарды аткарып, аны кийинки апталарда да улантууга милдеттеништи.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын декабрь айында 6 элеттик муниципалитет үчүн веб-сайттар даярдалып, сайттарды иштеп чыккандар практикалык Киришүү семинарын өткөрүшкөн. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга муниципалдык сайтты башкаруунун теориялык бөлүгү берилген. Андан кийин катышуучулар муниципалитеттин сайтын өз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.