Жаштар менен достук мамиледеги муниципалитет

23.08.2017 09:44
Кошумча маалымат алуу үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун маалыматтык саясат боюнча адиси Нургуль Жаманкуловага кайрылыңуузду өтүнөбүз, NJamankulova@dpi.kg, +996 555 313-385, 770 771-711.
Жаштар менен достук мамиледеги муниципалитет

Лондон жана Москва, Астана жана Вильнюс балдар жана жаштар менен достук мамиледе болгон муниципалитеттер катары эсептелгенине сыймыктанышат. Эмне үчүн? Себеби ушундай жол менен алар өзүнүн келечектеги өнүгүүсүн камсыздашууда. Жамаатта жаштар үчүн жашоо шарттары канчалык жакшы болсо, мындай жамааттардын келечекте ийгиликке жетүүсүнө, жашоо үчүн ыңгайлуу болуусуна да мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болот. Канткенде Кыргызстандагы муниципалитеттерди балдарга жана жаштарга ыктай тургандай кыла алабыз?

Кыргыз Республикасында жаңы долбоор ишке киргени жатат. Анын алкагында Сузак жана Ысык-Ата райондорундагы 10 пилоттук элеттик муниципалитет балдар жана жаштар үчүн турмуш шарттарын жакшыртуунун үстүнөн иш алып барышат.

Сергей АЛЕЩЕНКО, ЮНИСЕФтин эксперти: “Балага достук мамиле жасаган муниципалитеттердин демилгеси 1996-жылы пайда болгон жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) колдоого алган. Себеби ал БУУнун Балдар укуктары жөнүндө Конвенциясын колдойт. Бүгүнкү күндө демилгени дүйнөнүн 900 шаары колдоп жатат. Алардын арасында Лондон, Мюнхен, Буэнос-Айрес, Москва, Санкт-Петербург, Астана, Вильнюс жана башка шаарлар бар. Идея Кыргыз Республикасы үчүн да актуалдуу. Анткени балдар жана жаштар Кыргызстан калкынын 36,5% түзөт. Аларга өнүгүү үчүн кандай шарттар түзүлгөнүнөн өлкөнүн келечеги да көз каранды. Атүгүл бай эмес, кризисти башынан өткөрүп жаткан өлкөлөрдө демилгени жайылтуу тажрыйбасы көрсөткөндөй, балдарга багытталган саясат дайыма жыйынтыгын берет”.

“Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын абалын баалоо, жаштардын катышуусу менен жергиликтүү пландоо, бюджет түзүү, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү маселелерин башкаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын өнүктүрүү жана техникалык жардам берүү” Долбоорун тендердин негизинде тандалып алынган Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашыра баштады.

2017-жылдын 23-августунда Жалал-Абад облусунун Сузак айылында Жаштарга жана балдарга достук мамиле жасаган шаарлардын жана муниципалитеттердин (ЖӨБ БЖЖК) демилгесинин бет ачары болот. Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги долбоордун аткаруучусу болгон Өнүктүрүү саясат институту менен биргелешип уюштуруп жатат.

Ушул өңдүү иш-чара августтун этегинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өтөт.