«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

29.06.2017 17:17
http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/10037_kyirgyiz_respublikasyinyin__batken_jalal-abad_jana_osh_oblasttaryinyin_ayryim_kalktuu_konushtaryin_ayyil_kategoriyasyina_kirgizuu_jonundo__myiyzamga_kol_koyuldu/
«Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын  Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда төмөндөгү  калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:

- Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын  Максат калктуу конушун;

- Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы  Ак-Суу айыл аймагынын  Жезкен  калктуу конушун;

- Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын  Коткор калктуу конушун;

- Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын  Ак-Өргөө калктуу конушун;

-. Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын  Улуу-Тоо калктуу конушун.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

29-июнь, 2017-жыл

Направления: