Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 13 муниципалитет жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга 43 миллион сомдон ашык көлөмдө грант алышат

26.04.2017 14:25
2017-жылдын 26-апрелинде Бишкекте жалпы суммасы 43 миллиондон ашык сомго грант алууга сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.
Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 13 муниципалитет жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга 43 миллион сомдон ашык көлөмдө грант алышат

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган сертификаттарды Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 13 муниципалитет алды.

2017-жылдын апрель айында Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (PSI) алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга грантка өтүнмөлөр боюнча жеңүүчүлөр тандалып алынды. Ушуну менен бирге ЖӨБ органдарынын жана калктын өз салымы 10% болуш керек деген талаптын өзүндө алардын салымы 50% түздү (22 млн. сом). Бул болсо тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу калк жана ЖӨБ органдары үчүн өтө маанилүү болгонун тастыктап турат.

Сертификаттарды тапшыруу аземи “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоор муниципалитеттердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана туруктуулугун жакшыртуунун эсебинен элет жергесиндеги адамдардын жашоо шартын оңдоого көмөктөшөт. Долбоор Кыргызстандагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып, Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Швейцария Башкармалыгы тарабынан каржыланат.

Иш-чарага КР өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү Кубанычбек Бекташев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары- Агенттик) директору Жумагуль Эгамбердиева, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Миссия Башчысынын орун басары Даниель Мевли Монтелеон, Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) башкаруу төрайымы Надежда Добрецова, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун жеңүүчү муниципалитеттеринин айыл өкмөт жана шаар башчылары, Долбоордун жетекчиси жана адистери катышышты.

Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча мыкты иш-аракеттер планына конкурс Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттер арасында жарыяланган. Долбоордун талаптарынын бири – муниципалитеттин жалпы суммадан 10% кем эмес өз салымы болууга тийиш. Белгилей кетчү жагдай, талапкерлер 50% тегерегинде кошо каржылоого даярдыгын билдиришкен. Бул болсо жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун мааниси жана актуалдуулугу жогору болгонунан кабар берет.

Жергиликтүү деңгээлде камсыздалуучу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планы системалуу усул түрүндө болот жана ал артыкчылыктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоого жол ачып, аларды пландоого, уюштуруу жана жеткирүү иштерин жакшыртууга жардам берет. Муниципалитеттер бул усулду “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен пайдаланышкан.

Толук маалымат