“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” сынагы

03.02.2017 12:21
Өтүнмөлөрдү ӨСИ кеңсесине төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108.
“Мектептин бюджетин талкуулоого жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу” сынагы

Өнүктүрүү саясат институту Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун финансылык колдоосу алдында жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду менен биргеликте 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейинки мезгил аралыгында өтө турган Дүйнөлүк акча апталыгына (Global money week) катышат.

Апталыктын негизги максаты – финансылык сабаттуулуктун, ийгиликтүү келечек үчүн үй-бүлөнү, мектепти, муниципалитетти жана өлкөнү өнүктүрүүдө экономикалык жана социалдык катышуунун маанилүүлүгү тууралуу жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу. Апталыктын темасы – акчаны топтой билүү – жеке, коомдук акчаны жана ресурстарды жыйноо.

Сынактын максаты

Сынактын негизги максаттары төмөнкүлөр:

  • жаштардын жана жалпысынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;
  • орточо жалпы билим берүү мекемелердин (мектептердин) администрациясынын мектептин бюджетине карата ата-энелердин жана окуучулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын мүмкүн болушунча эске алуу тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • мектеп администрациясынын мектептин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тууралуу ата-энелер менен окуучуларды маалымдоо тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • мектеп администрациясынын окуучулар менен ата-энелердин алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;

Сынактын шарттары

Сынак үч этап менен өтөт.

  • Сынактын биринчи этабы. Сынакка 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейинки мезгил аралыгында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды жана мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү пландаган Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы орточо жалпы билим берүүчү мекемелердин (мектептердин) администрациялары катыша алат. Бул этапта 25тен (жыйырма бештен) ашпаган мектеп тандалып алынып, материалдар жана кеп-кеңештер түрүндө колдоого ээ болушат. Орточо жалпы билим берүүчү мекемелердин администрациялары “Дүйнөлүк акча апталыгы – 2017” өнөктүгүнө катышуу каалоосу жана мүмкүнчүлүгү бар болгону тууралуу Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине өтүнмө жибериш керек. Өтүнмөгө апталыктын алкагында мектеп ишке ашырууну пландап жаткан иш-чаралардын планы тиркелүүгө тийиш. Ошону менен бирге мектеп бюджети боюнча коомдук угуулар сөзсүз түрдө өткөрүлүш керек. Сынакта пландар жарышат, отчеттун форматын 2-тиркемеден көрө аласыз.
  • Сынактын экинчи этабы. Мектептер Апталыктын алкагында иш-чараларды, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүшөт. Биринчи этаптан өткөн бардык мектептер планда көрсөтүлгөн иш-чараларды, анын ичинде мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өз алдынча уюштуруп, өткөрүшү керек. Өнүктүрүү саясат институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду Апталыкты өткөрүүгө көмөктөшөт – материалдарды жана кеп-кеңештерди беришет.
  • Сынактын үчүнчү этабы. Туруктуу иштеген мектептин аймагында Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында пландалган иш-чаралардын негизги уюштуруучусу болгон мугалимдер үчүн айрым конкурстар жана айрым акчалай байгелер каралган. Сынакта отчеттор жарышат. Ал эми отчеттордо камтылган маалыматтарга карата талаптарды 3-тиркемеден таба аласыз.

Сынакка өзүнө негизги уюштуруучунун милдеттерин алган жана Апталыкты, мектептин бюджети боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу отчетту даярдаган мугалимдер жана мектеп администрациясынын кызматкерлери катыша алат. Экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча мектептер байге алышат. Ошондой эле иш-чаралардын жооптуу адамдары да айрым байгелер менен сыйланат. Баары болуп 15 (он беш) мектеп жана 15 (он беш) мугалим жана администрация кызматкери тандалып алынат.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Сынактын биринчи этабынан өтпөй калган мектептер Дүйнөлүк акча апталыгын өз алдынча өткөрүп, сынактын экинчи этабына КАТЫША АЛАТ.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ТОЛУК ЖОБО

Байгелер

  • Сынактын байге фонду (мектептер үчүн) – 200 000 сом.
  • Мугалимдер үчүн сынактын байге фонду – 75 000 сом.

Байге фондунун каражаттары Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан бөлүндү.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мектептерге) байгелер төмөнкүдөй тартипте берилет:

  • I орун – 50 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • II орун – 35 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;
  • III орун – 20 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага байге;

Шыктандыруучу байгелер – ар бири 12 000 сомго чейинки көлөмдөгү суммага. 

Сынактын жеңүүчүлөрүнө (мугалимдерге) байгелер төмөнкүдөй тартипте берилет: 15 жеңүүчүнүн ар бири 5 000 сом көлөмүндө акчалай сыйакы алышат. 

Долбоордук өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү

Дүйнөлүк акча апталыгына катышуу ниетин билдирген катты, ошону менен бирге апталыктын алкагында мектептин аймагында пландалган иш-чаралар планын (пландын Формасы 2-тиркемеде) 2017-жылдын 1-февралынан 10-мартка чейинки мезгил аралыгында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине жиберүү керек.

Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында мектептин аймагында жасалган иштерди сүрөттөгөн отчетторду (отчеттун Формасы 3-тиркемеде) 2017-жылдын 2-апрелден 5-апрелге чейинки мезгил аралыгында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине жиберүү керек.

Сынакты өткөрүүнүн тартиби

Өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108. Тел. (0312) 97-65-30 (31, 32), моб. (0557) 055 955. (0770) 061 216 факс: 97-65-29 же электрондук дарек: gjanalieva@dpi.kg