Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттер “ЖӨБ элеси – 2030ду” талкуулашты

13.06.2016 09:53
2016-жылдын 10-июнунда “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун элеси – 2030ду” иштеп чыгуу боюнча фокус-топтор форматында талкуу өттү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү эксперттер “ЖӨБ элеси – 2030ду” талкуулашты

Иш-чарага КР Өкмөт паратынын, өкмөттүк түзүмдөрдүн, эксперттик жамааттардын, ММКнын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө фокус-топтун катышуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө бут тоскон көйгөйлөргө чакан талдоо жүргүзүштү. Ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары тууралуу сөз болду. “ЖӨБдүн жаңы элесин иштеп чыгуудан мурда фокус-топтун катышуучулары жергиликтүү деңгээлде башкаруунун эффективдүү системасы катары “ЖӨБ” түшүнүгүн талкуулап алышты жана “ЖӨБ элеси – 2030га” “өзүн өзү уюштуруу” сөзүн кошууну сунушташты, - деп билдирди талкуунун алып баруучусу Дамира СУЛЬПИЕВА.  
– Фокус-топтун катышуучулары “негизи эле Кыргызстан үчүн ЖӨБ деген эмне?” деген суроого жооп издешти. Мында тараптардын ар биринде өз элеси бар болушу мүмкүн экени белгиленди. Ыйгарым укуктуу орган – ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өзүнүн, өкмөттүнөзүнүн “элеси” бар”. Ошондой эле эксперттер “ЖӨБ – бул болгону башкаруу аспабы, эң негизгиси – бул өз суроо-талаптары жана керектөөлөрү бар адам, ал жергиликтүү деңгээлде жакшы жашашы үчүн ушуну негиз катары кармаш керек” деп белгилешти. 
 
Анткен менен катышуучулар “ЖӨБ элеси – 2030” формулировкасына төмөнкү сөздөрдү жана терминдерди кошууну сунушташты: “өзүн өзү уюштуруу”, “туруктуу система”, “финансы жана административдик жактан көз карандысыз ЖӨБ органдары”, “калктын турмуш шартын жакшыртуу багыт алган”, “турмуштун сапаты”, “өз маалында жана сапаттуу кызмат көрсөткөн”,“квалификациялуу кадрлар” жана “ЖӨБ жарандардын мамлекетке ишенимин камсыздайт”. Талкуу “Жергиликтүү коомдун керектөөлөрүнүн негизинде айылдык аймактардын социалдык экономикалык өнүгүүсү” долбоорунун алкагында өттү. Аталган долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат.