Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаңы форматка ээ болду

27.05.2016 10:39
Райондун өнүгүү программасы – бул иш аракеттердин комплекстүү системасы.
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жаңы форматка ээ болду

Ал райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тиешелүү чөйрөсүндө максаттары, милдеттери, иш-чаралары, аткаруу мөөнөттөрү, артыкчылыктарга жетүүнү камсыздаган ресурстар боюнча бири-бирине байланышта болот.

Программа мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин түрдүү формасындагы уюмдардын жана калктын системалуу, эффективдүү, координацияланган ишин уюштуруу аркылуу райондун аймагында жашаган адамдын бакубаттуулугунун туруктуу өсүшүн камсыздоого багыт алат.

2016-жылдын 26-майында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагында “Райондун Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын – СЭӨПны иштеп чыгуу” темасына тренинг өттү. Ага райондун СЭӨП иштеп чыгуу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын адистери катышты. Тренингде жергиликтүү деңгээлдеги коллегиалдык координациялык орган жергиликтүү мамлекеттик администрация аппаратын пландоо жана райондук деңгээлде Социалдык экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча маалымат алды. Стратегиялык пландоо боюнча эксперт Асылбек ЧЕКИРОВ иш-чаранын тренери болду.
 
“Жергиликтүү коомдун керектөөлөрүнүн негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району пилоттук регион катары тандалып алынган. Аталган долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору каржылайт. Аталган долбоорду курамына Өнүктүрүү саясат институту, Бюджеттик чечимдер институту жана Өнүгүү демилгелер агенттиги кирген уюмдардын консорциуму ишке ашырып келет. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн пландоонун жаңы моделин иштеп чыгууга жардам берет. Модель мамлекеттик программалардын жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн эске алып, элет жергесинде турмуш сапатын чындап жакшыртып, жеринде улуттук өнүгүү программаларынын аткарылышын камсыздап, жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан маселелерди кошо тургандай түзүлгөн