Бишкекте аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунушташты

23.09.2016 18:34
2016-жылдын 23-сентябрында Бишкекте “Жергиликтүү коомдун керектөөлөрүнүн негизиндет айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” долбоорунун соңку иш-чарасы тегерек стол форматында өттү.
Бишкекте аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын сунушташты

Иш-чараны Өнүгүү демилгелери агенттиги (Кыргызстан) жана Бюджеттик чечимдер институту (Орусия) менен консорциумда Өнүктүрүү саясат институту уюштурду. Иш-чараны ачып жатып, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецова ар бир мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири – өлкөнүн бардык аймагынын туруктууөнүгүүсүн камсыздоо, жашаган жерине карабастан бардык жарандарга тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү болгонун баса белгиледи.

КР Өкмөтүнүн өкүлү, КР Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин орун басары М.К.Мукамбетов жана КР Экономика министрлигинин статс-катчысы А.Э.Курманова чыгып сүйлөшүп, өлкөдө түрдүү өнүгүү программалары өтө көп санда жана түрдүү чөйрөлөрдө болгонун, бирок, тилекке каршы, эффективдүү ишке ашырылбай жатканын белгилешти. “Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизде мамлекеттик программалар өтө көп, алар кабыл алынганы менен, аягына чейин ишке ашырылбай калууда. Анткени дээрлик ошол замат башка программа кабыл алынып, ал да каржыланып, бирок аягына чыкпай калып кетет, - деп белгиледи КР Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова.

– Бүгүн сунушталып жаткан, Жети-Өгүз районунун мисалында аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы түшүнүктүү болуп, жакшы пикирлер айтылды. Ал ийгиликтүү иштеп кетет деп ишенебиз”. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун жыйынтыктарын жана продуктусун талкуулашты. Ал Кыргыз Республикасындагы пландоо системасына олуттуу өзгөрүүлөрдү сунуштап жатат. Мындан тышкары катышуучулар долбоордун төмөнкүдөй продуктулары менен тааныша алышты:

  • айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу методикасы;
  • жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн жана мамлекеттик программалардын артыкчылыктарын эсепке алуу менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуунун методикасы;
  • Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын мисалы (үлгүсү), ал жергиликтүү жама аттын керектөөлөрүн жана мамлекеттик программалардын артыкчылыктарын эсепке алуу менен иштелип чыккан;
  • республикалык бюджеттен каржыланган капиталдык салымдарды пландоо процессинде жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн интеграциялоо боюнча сунуштар (бюджеттик инвестициялар);
  • жергиликтүү деңгээлде улуттук сектордук өнүгүү программаларын чагылдыруу / аткаруу механизмдери боюнча сунуштар;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын баасын эсептөө методикасы;
  • ЖӨБ-2030 Элеси;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде ченем чыгаруучулук демилгелердин механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү.

Баяндамачыларды угуп чыгып, КР Өкмөт Аппаратынын жетекчисинин орун басары М.К.Мукамбетов башкаруунун райондук деңгээлиндеги өнүгүү программасында улуттук жана жергиликтүү өнүгүү программаларынын айкалышуусу ишке ашканын белгиледи. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун базасында долбоордун алкагында муниципалдык жана райондук деңгээлдерде пландоонун жаңы усулдары апробацияланган. “Бардык маселелер системалаштырылып, бүгүнкү күндө туш тарапта иштер жүрүп жатат. Бирок мен пландоонун ушундай системасында да тобокелчиликтерди эсепке алууну сунуштайт элем”, - деди ал.

Долбоордун жыйынтыктарын жана продуктуларын талкуулоонун жүрүшүндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, ЖӨБ Союзунун, эл аралык уюмдардын, Жети-Өгүз районунун өкүлдөрү, эксперттер да өз сунуштарын беришти. Катышуучулар долбоордун алгачкы жыйынтыктарын оң деп баалап, аталган долбоордун алкагында ишти уланта берүү керектигин белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө тартууланган баяндамалар жана презентациялар орус тилинде жеткиликтүү