Кыргызстанда отчеттуулук системасы бар. Бирок толук кандуу иштей албай жатат!

14.10.2016 17:27
Кыргыз Республикасында бийликтин өлкө элинин алдындагы отчеттуулугун камсыздаган система барбы?
Кыргызстанда отчеттуулук системасы бар. Бирок толук кандуу иштей албай жатат!

Бул суроого жооп Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Президентинин өкүлдөрүнүн, чет өлкөлүк донордук жана эл аралык уюмдардын ичинен өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн иш-чарада талкууланды.

2016-жылдын 14-октябрында Бишкекте өткөн бул иш-чарада Өнүктүрүү саясат институту жүргүзгөн изилдөөнүн бет ачары болду. Иш-чара Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин демилгеси боюнча өтүп, анда Элчилик Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсүн колдоого багытталган жаңы долбоордун башталышы тууралуу жарыялады.

Швейцария Өкмөтү демократиянын принциптерине жана жарандардын муктаждыктарына жооп берген башкаруунун отчеттуу системасын түптөө жаатында Кыргыз Республикасынын аракеттерин ырааттуу колдоп келатат. 25 жылдан ашуун убакыттан бери түрдүү тармактардагы өнүгүү долбоорлорун каржылоо менен, Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүгүү боюнча Башкармалыгы (SDC) өлкө башкаруунун отчеттуу жана демократиялык системасын түптөөдө чоң жетишкендиктерге ээ болгонун тааныйт. Башкаруунун парламенттик формасын өнүктүрүү мунун эң айкын далили болуп эсептелет. Ошону менен бирге SDC Кыргыз Республикасында узак мөөнөттүү, туруктуу өнүгүүгө жана өсүшкө жетелеген системалык өзгөрүүлөрдү да колдойт. Бул колдоосун уланта берүү максатында SDC өнүгүүнүн жаңы долбоорун баштап жатат.

Бул долбоор жалпысынан отчеттуулук системасын жана жарым-жартылай парламенттик отчеттуулукту күчтөндүрүү аркылуу КРда парламенттик демократияны колдоого багытталган. Долбоорду баштаардын алдында SDC буюртмасы менен Өнүктүрүү саясат институту изилдөө жүргүздү. Анда бийликтин калк алдындагы отчеттуулук системасын сүрөттөп берүү аракети жасалган. Эки жаңылык бар. Жакшы жаңылык – Кыргыз Республикасында отчеттуулук системасы бар жана иштеп келатат. Мындан да дыкат көңүл бурууну талап кылган дагы бир жаңылык бар: бул система өз мүмкүнчүлүктөрүн толук колдоно албай жатат. Отчеттуулук системасы ишеним берүүчүлөрдү – кимдин алдында отчеттуу болгондорду жана агенттерди – ким отчеттуу болгондорду камтыйт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкө жарандарынын алдында отчеттуу.

Бул жупта эл ишеним берүүчү, ал эми парламент – агент болот. Жогорку Кеңеш менен КР Өкмөтү ортосундагы мамилелерде, тескерисинче, парлмент – ишеним берүүчү, ал эми өкмөт – агент болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, отчеттуулуктун эң мыкты көрсөткүчтөрүн ишеним берүүчү КР Жогорку Кеңеши болгон жуптардан көрүүгө болот. Ишенимберүүчү жарандар болгон жупта абал чеке жылытпайт. Бул болсо Кыргыз Республикасында башкаруунун демократиялык системасы парламенттин, өкмөттүн жана саясий партиялардын жарандар алдындагы отчеттуулугун күчтөндүрүүгө муктаж болгонунан кабар берет. Изилдөөнүн толук текстин төмөнкү даректер боюнча таба аласыз:

  • кыргыз тилинде: http://www.dpi.kg/ky/publications/full/266.html
  • орус тилинде: http://www.dpi.kg/ru/publications/full/262.html
  • англис тилинде: http://www.dpi.kg/en/publications/full/264.html

Өз сөзүндө Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рене ХОЛЕНШТАЙН күчтүү жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик институттар узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгонун, бирок институттардын гана болгону жетишсиз экенин белгиледи. Жарандар алдында отчеттуу болбогондон кийин алар эң жакшы дегенде натыйжасыз шайманга, болбой калды дегенде бийлик кыянаттык менен пайдаланган куралга айланып калышы ыктымал. Отчеттуулук каршы салмактардын дыкат иштелип чыккан системалары, так аныкталган милдеттер жана ченемдик актылар аркылуу башкарууну жакшыртууга көмөктөшөт. Отчеттуулуктун өнүккөн системасы бийлик өз керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын канааттандыруу менен эмес, жарандардын көйгөйлөрүн чечүү менен алек болгонунан кабар берет. Ушуну менен бирге отчеттуулуктун жоктугу көйгөй катары эч бир өлкөнү кыйгап өтө албайт. Бир дагы мамлекет өкмөттүн укукка каршы келген аракеттеринен же бийликт кыянаттык менен пайдалануу коркунучунан толугу менен корголгон деп айта албайт. Дал ошондуктан отчеттуулуктун бузулганын аныктай турган күчтүү көзөмөл механизмдери өтө маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Алтынай ӨМҮРБЕКОВА жакында эле кабыл алынган 2020-жылга чейин Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясы тууралуу айтып берди. Ал Стратегия парламенттин жарандар алдындагы отчеттуулугун күчөтүүгө өзгөчө маани бере турганын, бул болсо парламенттин калк менен байланышты күчөтүүгө жана жарандардынкызыкчылыктарын мыйзам чыгаруу процессине кошууга умтулганынын мыкты далили болгонун белгиледи.Изилдөөнүн жыйынтыктарын талкуулоонун жүрүшүндө катышуучулар жарандар тараптан отчеттуулукка болгон суроо-талап чоң мааниге ээ экенин, ошондуктан калктын укуктук жана финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу зарыл болгонун белгилешти.

Ошол эле маалда Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары – КР Президенттик Аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек ИСМАИЛОВ отчеттуулукту күчтөндүрүүдө укук үстөмдүгү жана бийликтин коом алдындагы отчеттуулугуна карата көптөгөн талаптарды камтыган мыйзамдарды так аткаруу маанилүү ролду ойношу керектигин билдирди.

Сөз соңунда Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы жана изилдөөнүн авторлорунун бири Надежда ДОБРЕЦОВА бул изилдөө кезектеги стратегияга же аталышы катуу чыккан программанын прологу болуп калбашы керектигин, изилдөө болгону отчеттуулук системасында пайда болуп турган көйгөйлүү зоналар тууралуу жалпы элес берерин, отчеттуулукту күчтөндүрүү аркылуу демократияны күчөтүүгө карата туура чечим кабыл алууда саясатчылар үчүн жол көрсөткүч катары кызмат өтөөрүн баса белгиледи.

Швейцария Элчилигинин билдирүүсү бет ачардын логикалуу жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды: отчеттуулуктун туруктуу механизмдерин түзүү аркылуу жарандар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жаатында Жогорку Кеңешти колдоо боюнча жаңы программа иштей баштайт. Программа 10 жылга эсептелген, ал парламентке жана жарандарга байланышуунун туруктуу каналдарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет, Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдерде жарандардын керектөөлөрү чагылдырылат.