Улуттук жана жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын ортосундагы ажырымды кантип жоюуга болот?

30.03.2016 11:07
Ар бир элет же шаар тургунуна кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы ыйгарым укуктарга бөлүнбөстөн жеткирилиши маанилүү.
Улуттук жана жергиликтүү өнүктүрүү программаларынын ортосундагы ажырымды кантип жоюуга болот?

Ысык-Көл облусундагы пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн пландоонун жаңы моделин иштеп чыгууга жардам берет. Жаңы модель мамлекеттик программалардын жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарын эске алып, жеринде улуттук өнүгүү программаларынын аткарылышын камсыздоо менен, элет жергесиндеги жашоо шарттарын чындап жакшырта тургандай иштелип чыгат. Долбоор Кыргызстандагы жана Орусия Федерациясындагы уюмдардын консорциумунда аткарылып, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому тарабынан каржыланууда. 

Кыргыз Республикасынын ар бир элет же шаар тургунуна кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы ыйгарым укуктарга бөлүнбөстөн жеткирилиши маанилүү. Жарандар жана жалпысынан жергиликтүү жамааттар билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан камсыздоо, инфраструктура, маданият, спорт ж.б. чөйрөлөрдөгү маселелердин чечилишине жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болуп келишет. Бул муктаждыктарды мамлекеттик органдар  мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кошуу менен, өз ишин пландоодо жана жүзөгө ашырууда эске алганы маанилүү. Анткен менен ушул тапта мамлекеттик программалар калк жана анын керектөөлөрү менен тыгыз байланышта болбостон эле пландалып келүүдө.

Бардык деңгээлдерде пландоо процессин өркүндөтүү зарылчылыгы Кыргыз Республикасынын башкаруу системасындагы олуттуу ажырымдардан улам пайда болду. Биринчиден, жарандардын керектөөлөрү ортосунда байланыш жок, ошол керектөөлөр жергиликтүү жана мамлекеттик (тармактык, региондук) өнүгүү программаларында көрсөтүлбөй жатат. Экинчиден, мамлекеттик программаларды шаардын, айылдын деңгээлинде, тагыраак айтканда кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү болуп саналган жарандын деңгээлинде аткаруунун механизмдери жана аспаптары жетишсиз болуп жатканы сезилүүдө. Учурдагы региондук башкаруу деңгээлдери (район, облус) жарандардын суроо-талаптарынын аккумулятору, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды ишке ашырган координатор катары өз ролун аткара албай жатат. Үчүнчүдөн, бардык жерлерде каржылоо функциясы менен ошол каржылоо таасирин тийгизе турган объекттин ортосунда ажырым абдан билинүүдө.

Айылдык аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде жарандардын катышуусу менен көптөгөн өнүгүү пландары жана программалары иштелип чыгууда. Бирок ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жана жергиликтүү ресурстар чектелүү болгондуктан алар жарандардын керектөөлөрүнүн бардык комплексин камтый албай келет. Экинчи жагынан улуттук мамлекеттик программалар карапайым адамдын же кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн муктаждыктары менен көп жакшы байланышта эмес. Бир кыйла мамлекеттик программалар “кабар берүүчү” гана мүнөзгө ээ, аларда өнүгүүнүн белгилүү бир индикаторлору көрсөтүлгөн. Бирок аларда шаардын же айылдын деңгээлине чейин ишке ашыруунун деталдуу механизмдери жазылган эмес. Эрежеге ылайык, мындай программалардын аткарылышы административдик жол менен гана мэриянын же айыл өкмөтүнүн деңгээлине чейин “жогорудан төмөн карай” пландалат. Мында ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынбайт, алардын башкаруучулук дараметине жана жер-жерлердеги социалдык капиталга баа берилбей калат.  Тармактык, регионалдык программаларды ишке ашырууга карата мындай формалдуу мамиле жарандардын турмуш шартын чындап жакшыртууга багытталбастан, бийликтин жасаган иш-аракеттерине калктын көңүл калуусуна себепчи болуп, бийлик менен жарандардын ортосундагы ишеним деңгээлин азайтат.

Бул маселени чечүү үчүн Кыргызстанда КР Экономика министрлигинин жана КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин буюртмасы менен “Жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” аттуу жаңы Долбоор ишке кирди. Аталган Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору каржылоодо. Тендердин жыйынтыгы боюнча, бул Долбоордун аткаруучусу болуп төмөнкүдөй курамдагы уюмдардын консорциуму табылды: Өнүктүрүү саясат институту (Кыргызстан, консорциумдун лидери), Бюджеттик чечимдер институту (Орусия), Өнүгүү демилгелер агенттиги (Кыргызстан).

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – жети ай, географиясы – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району.

Толук маалыматты Өнүктүрүү саясат институтунун www.dpi.kg сайтынан, ошондой эле “Муниципалитет” журналынын март айындагы санынан жана www.municipalitet.kg сайтынан окуй аласыз.