Жарандардын муктаждыктарын мамлекеттик өнүгүү программаларына кантип “өткөрсө” болот?

19.04.2016 09:37
Пландоонун жаңы усулдары пилоттук Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сыналат
Жарандардын муктаждыктарын мамлекеттик өнүгүү программаларына кантип “өткөрсө” болот?

Жарандардын муктаждыктарын мамлекеттик өнүгүүпрограммаларына кантип “өткөрсө” болот? Пландоонун жаңы усулдары пилоттук Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сыналат

Мамлекеттик программалар менен жарандын муктаждыктары ортосундагы ажырым

Кыргызстандын ар бир жараны үчүн маморгандар менен ЖӨБ органдары ортосунда ыйгарым укуктар боюнча бөлүп карабастан кызмат көрсөтүүлөрдү алып турганы маанилүү. Алар жалпысынан билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, инфраструктура, маданият, спорт ж.б. чөйрөлөрдөгү маселелердин чечилишине жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаж. Бул муктаждыктарды мамлекеттик органдар менен жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары өз ишин пландоодо жана жүзөгө ашырууда, ошону менен бирге мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда эске алганы маанилүү.

Кыргызстанда туура жана сабаттуу жазылган көпчүлүк программалар эмнегедир жеринде иштебегени жашыруун эмес. Ушуну менен бирге адам ири мамлекеттик программаларда өз керектөөлөрүн, өзүн же өз айылын оңой менен көрө албайт. Мунун себептери көп жана алардын маанилүүлөрүнүн бири – министрликтерде жана ведомстволордо пландоодо жарандын керектөөлөрүн эсепке алуу механизми жок. Натыйжада улуттук мамлекеттик программалар карапайым адамдын же кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн муктаждыктарына көп жакшы байланган эмес. Эрежеге ылайык, мындай программалардын аткарылышы административдик жол менен гана мэриянын же айыл өкмөтүнүн деңгээлине чейин “жогорудан төмөн карай” пландалат. Мында ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынбайт, алардын башкаруучулук дараметине жана жер-жерлердеги социалдык капиталга баа берилбей калат.  Тармактык, регионалдык программаларды ишке ашырууга карата мындай формалдуу мамиле жарандардын турмуш шартын чындап жакшыртууга багытталбастан, бийликтин жасаган иш-аракеттерине калктын көңүл калуусуна себепчи болуп, бийлик менен жарандардын ортосундагы ишеним деңгээлин азайтат.

Ошол эле маалда айылдык аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде жарандардын катышуусунда көптөгөн өнүгүү пландары жана программалары иштелип чыгууда. Бирок ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жана жергиликтүү ресурстар чектелүү болгондуктан ал программалар жарандардын бардык муктаждыктарын камтый албайт. Башкача айтканда, жарандардын суроо-талаптарын улуттук программаларга өткөрүү механизми жок.

Пландоонун жаңы усулдары Жети-Өгүз районунда сыналмай болду

Жогоруда айтылган көйгөйдү чечүү чечүү үчүн Кыргызстанда КР Экономика министрлигинин жана КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин буюртмасы менен “Жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү” аттуу жаңы Долбоор ишке кирди. Аталган Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору каржылоодо. Бул Долбоордун аткаруучусу болуп төмөнкүдөй курамдагы уюмдардын консорциуму табылды: Өнүктүрүү саясат институту, Бюджеттик чечимдер институту жана Өнүгүү демилгелер агенттиги.

Мамлекеттик программалар жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарын эске алып, өнүгүүнүн улуттук программаларын жеринде аткарылышын камсыздоо менен, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан маселелерди кошуу менен элеттеги турмуш шартын чындап жакшыртуусу үчүн аталган Долбоор Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн пландоонун жаңы моделин иштеп чыгууга жардам берет. Долбоорду ишке ашыруу үчүн пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району тандалып алынды.

Жети-Өгүз районундагы 13 айылдык аймактын башчылары, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү үчүн Долбоор 2016-жылдын 20-апрелинде башталат. Бул биринчи маалыматтык семинардын алкагында катышуучуларга жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын эске алуу менен пландоонун жаңы модели, ошондой эле айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын жаңы форматы сунушталат.