Жети-Өгүз районунда "ЖӨБ Элеси-2030" аттуу талкуу өтөт

30.05.2016 12:33
Талкуу 2016-жылдын 31-майында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунда өтөт.
Жети-Өгүз районунда "ЖӨБ Элеси-2030" аттуу талкуу өтөт

Кыргызстандагы айылдар 2030-жылы кандай болуш керек? 15 жылдан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмне кылат? 2030-жылы айылдарда жана шаарларда жашоо шарты ыңгайлуу жана коопсуз болуш үчүн азыртадан эмнелерди жасоо зарыл?

Заманбап шарттар бизди жашоонун жаңы эрежелерине баш ийүүгө аргасыз кылууда. Келечекке план түзбөсөк, максаттарды, милдеттерди жана артыкчылыктарды так аныктабасак аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү да мүмкүн болбойт. Аймактын турмуш деңгээлинин жана сапатынын туруктуу өсүшүнө жетишүү үчүн бир жылга эмес, ондогон жылдарга жасалчу иштердин логикасын аныктап алуу өтө маанилүү. 

Буга байланыштуу 2016-жылдын 31-май айында Жети-Өгуз районунда “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бүгүн, эртең жана 2030-жылы” темасына семинар өтөт. Аталган семинарга ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү жамааттардын жана жарандык коом институттарынын, райондук администрациянын жана тийиштүү райондук түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышат. Алар 2030-жылга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун узак мөөнөттүү стратегиялык өнүгүү келечегин талкуулап, иштеп чыгышат. Мындан тышкары семинардын катышуучулары ЖӨБ жаатындагы мыйзам чыгаруу маселелерин, айылдык аймактардын өнүгүүсүн пландоону жана иштелип чыккан пландарды ишке ашырууну, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү, муниципалдык менчикти башкарууну, мамлекеттик органдар менен өз ара мамилелерди талкуулашат.

“Жергиликтүү коомдун муктаждыктарынын негизинде айылдык аймактардын социалдык-экономикалыкөнүгүүсү” долбоорун ишке ашыруу үчүн пилоттук регион катары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району тандалып алынган. Аталган долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору каржылайт. Бул долбоорду курамына Өнүктүрүү саясат институту, Бюджеттик чечимдер институту жана Өнүгүү демилгелер агенттиги кирген консорциум ишке ашырууда.

Аталган Долбоор мамлекеттик программалар жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарын эске алып, өнүгүүнүн улуттук программаларынын жеринде аткарылышын камсыздоо менен, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан маселелерди кошуу менен элеттеги турмуш шартын чындап жакшыртуусу үчүн Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн пландоонун жаңы моделин иштеп чыгууга жардам берет.

Элес – бул конкреттүү иш-аракеттерди камтыган аракеттер планы. Ал узак мөөнөткө ачык максаттар менен кыска мөөнөткө конкреттүү аракеттерди камтыган эки өңүттүн синергиясын чагылдырат. Бул эки өңүттүн айкалышы биз эмнени элестетсек, ошого жетүү жолуна алып барат.