“Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жарандардын реалдуу катышуусу” Улуттук сынагынын жыйынтыктары

14.04.2016 09:46
2016-жылдын 12-апрелинде “Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жарандардын реалдуу катышуусу” улуттук сынагынын жыйынтыктары чыгарылды.
“Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жарандардын реалдуу катышуусу” Улуттук сынагынын жыйынтыктары

2016-жылдын 12-апрелинде “Жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жарандардын реалдуу катышуусу” улуттук сынагынын жыйынтыктары чыгарылды. Бул сынакты Кыргызстандын Дүйнөлүк Акча Апталыгынын (Global Money Week) алкагында Өнүктүрүү саясат институту өлкөнүн бардык мектептеринин арасында өткөргөн. Сынак жаштардын жана жалпысынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү, мектеп бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тууралуу мектептердин администрациясынын ата-энелердин жана окуучулардын сунуштарын мүмкүн болушунча эске алуу, аларга маалымат берип туруу тажрыйбасы менен каалоосуна дем берүү, окуучулар менен алардын ата-энелеринин алдында мектеп администрацияларынын ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү максатын көздөдү.

Таймашка Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 14 мектеп катышты. Алар 2016-жылдын 14-мартынан 18-мартка чейин балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түрдүү иш-чараларды, ошондой эле мектеп администрацияларынын окуучулар менен алардын ата-энелери алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу максатында бюджеттик угууларды өткөрүштү. Бул угууларга мектептердин камкорчулар кеңешинин, райондук администрациянын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Дүйнөлүк Акча Апталыгы аяктагандан кийин бардык мектептер өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу деталдуу отчетторду тапшырышты. Алар сынакка катышкан материалдар катары каралып, курамына КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Улуттук банкынын, Өнүктүрүү саясат институтунун, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоорунун өкүлдөрү кирген конкурстук комиссия баалады.

Компетенттүү калыстар тобу баалоонун негизги критерийлерине ылайык, тагыраак айтканда, мектеп бюджети боюнча өткөн коомдук угуулардын сапатына жараша чечим кабыл алды. Ал эми бул иш-чараны өткөрүү конкурска катышуунун милдеттүү шарты болгон. Ошондой эле калктын катышуу деңгээлине (окуучулар менен алардын ата-энелеринин арасында катышуучулардын санына), мектеп бюджети тууралуу маалыматты деталдуу ачып берген баяндамалардын сапатына, отчеттун мазмунуна, түстүү, кызыктуу жана сапаттуу сүрөттөрдүн, видео тасмалардын жана отчетко тиркелген башка кошумча материалдардын сапатына да баа берилди.

Күчтүү мектептер көп болгон үчүн калыстар тобуна чечим кабыл алуу кыйын болду. Анткен менен жеңүүчү мектептерди байкабай коюу да мүмкүн эмес болчу. Алардын иштери эч кимге окшошпогондугу, кызыктуу иш-чаралары, аудиторияны кеңири камтыганы менен айырмаланып, Апталыкты даярдаганы үчүн көп мактоолорду угушту. Ошондой эле калыстар тобу бардык иш-чараларды өткөрүүгө жигердүү катышкан кураторлордун зор эмгегин белгилеп, ар биринин ишине баа берди. Жобого ылайык, ар бир мектептин куратору 5 000 сом көлөмүндө акчалай сыйлык алат.

Конкурстун жеңүүчүлөрү:

  • I орун жана 50 000 сомго чейинки байге Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга орто мектебине ыйгарылды;
  • II орун жана 35 000 сомго чейин байге Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак орто мектебине ыйгарылды;
  • III орун жана 20 000 сомго чейинки байге Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Р.Шаботоев атындагы орто мектепке ыйгарылды.

11 мектеп 8 500 сомго чейинки шыктандыруучу байгеге ээ болушту:

  • №77 орто мектеп, Ак-Өргө жаңы конушу, Бишкек шаары;
  • А.Абдраимов атындагы №1 орто мектеп, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу;
  • Т.Машрапов атындагы №34 орто мектеп, Өзгөн району, Ош облусу;
  • Калча орто мектеби, Чүй району, Чүй облусу;
  • Д.Дооронбеков атындагы орто мектеп, Сокулук району, Чүй облусу;
  • Макаренко атындагы №1 орто мектеп, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу;
  • Т.Сатыбалдиев атындагы №7 орто мектеп, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу;
  • Н.Рахманов атындагы орто мектеп, Сокулук району, Чүй облусу;
  • К.Бобулов атындагы орто мектеп, Ноокат району, Ош облусу;
  • Мектеп-гимназия, Баткен шаары, Баткен облусу;
  • Манас атындагы №7 орто мектеп, Кара-Тектир айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.

Бардык байге каражаттары мектеп ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүү (ачык сабактар, чогулуштар, конкурстар ж.б.) үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга гана сарптала турганын белгилей кетуү зарыл.

Конкурстун байге фондун Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдогон.

Маалымат үчүн: Global Money Week – ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү финансылык келечек үчүн кийинки муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган эл аралык өнөктүк. Ал финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга балдардын көңүлүн буруп, аларды акчаны колдоно билүүгө, алдына максат коюп, ага жетүү боюнча финансылык пландарды иштеп чыгууга үйрөтөт.