Кызыл-Туу айылдык аймагынын тургундары Биргелешкен аракеттер планын талкуулашты

11.12.2015 18:22
Талкуу боюнча иш-чара бүгүн, 11-декабрь күнү Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаев атындагы орто мектебинде болуп өттү.
Кызыл-Туу айылдык аймагынын тургундары Биргелешкен аракеттер планын талкуулашты

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылдык аймагынын ЭҮЖӨБОЖ долбоору менен кызматташтыгы 2015-жылдын июнь айында башталган. Кызматташуунун шарттарын жана тараптардын жоопкерчилигин так аныктоо максатында атайын Меморандум түзүлүп кол коюлган.

Көптөгөн окутуу жана кеңеш берүү иш-чараларынын натыйжасы катары 2015-жылдын 11-декабрында өткөрүлгөн Биргелешкен аракеттер планын талкуулооого арналган айылдык жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө айылдык аймакта аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөр тууралуу маалымат катышуучуларга тартууланды. Маалыматка ылайык, аймакта өткөрүлгөн жамааттын муктаждыгын биргелешип аныктоо (ЖМБА) иш-чараларынын натыйжасында артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталып, алар жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлгөн жыйында добушка коюлуп, эң маанилүүлөрү болуп төмөнкү 11 көйгөй өзгөчө белгиленген:

  • Таза суунун жетишсиздиги – 150 добуш.
  • Жолдордун начар абалы – 142 добуш.
  • Жергиликтүү бюджет боюнча маалыматтын жетишсиздиги – 97 добуш.
  • Мектеп көйгөйлөрү – 54 добуш.
  • Мектепке чейинки билим берүү шарттардын начардыгы – 50 добуш.
  • Медициналык тейлөөгө шарттын / ФАПтын жоктугу – 37 добуш.
  • Спорт менен машыгууга шарттын жоктугу – 34 добуш.
  • Таштандыларды чыгаруу жолдорунун уюштурулбагандыгы – 23 добуш.
  • Маданиятты өнүктүрүүгө шарттын жоктугу – 20 добуш.
  • Көчө жарыктарынын жоктугу – 19 добуш.
  • Трансформаторлордун жана электр зымдарынын жетишпегендиги – 16 добуш.

Жалпыга маалымдалган маанилүү көйгөйлөр катышуучулар тарабынан кызуу талкууланып, аларды чечүү жолдору жана каржы булактары боюнча сунуштар берилди. Мындар сырткары, аныкталган көйгөйлөрдү аткаруу үчүн атайын түзүлгөн Демилгелүү топтордун курамы тааныштырылып, аларга өз каалоосу менен дагы бир нече адам катталып, сунушталган тизмелер жалпы добушка коюлуп бекитилди.

Андан соң Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмамбетов З. 2015-жылдын 9 айында аткарылган иш аракеттери жана аларга сарпталган бюджет каражаттары боюнча толук маалымат берди.

Иш-чаранын соңунда айылдык аймактын мектептеринин окуучуларынын арасында өткөрүлгөн «Мен жашаган аймак» сүрөттөр жана плакаттар сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, сынактын жеңүүчүлөрүнө грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Кошумча:

Сүрөт галереясы

Местное население Кызыл-Тууского айылного аймака обсудило План совместных действий на 2016-2017 гг.