Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын ишмердигин баалоо жана салыктык укук мамилеси чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү маселелерин талкуулашат

11.11.2015 08:06
Тегерек столдун күн тартибинде муниципалдык кызматчылардын ишмердигин баалоо тартиби жана салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү өңдүү маселелер негизги темалар катары пландалган.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын ишмердигин баалоо жана салыктык укук мамилеси чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү маселелерин талкуулашат

2015-жылдын 11-ноябры.

Кыргызстан, Бишкек                                              ПРЕСС-РЕЛИЗ

 

2015-жылдын 11-ноябрында Бишкекте “Муниципалдык кызматчыларды баалоого жана салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан актуалдуу маселелер” темасына тегерек стол талкуусу өтөт. Талкууга Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айыл өкмөт башчылары, Өкмөт аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын, Экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрү катышат.

Тегерек столдун күн тартибинде муниципалдык кызматчылардын ишмердигин баалоо тартиби жана салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү өңдүү маселелер негизги темалар катары пландалган.

Буга кошумча талкуунун алкагында катышуучулар муниципалдык кызматчылардын ишмердигинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары, муниципалдык кызматчылардын ишин баалоону өткөрүү тартиби жана кирешелерин декларациялоо тууралуу маалымат берилет.  

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиевдин айтымында, пландалган темалар бүгүнкү күндө өтө актуалдуу болуп турат. “Биз мыйзамдарга жана аларды жеринде аткарууга байланышкан маселелер боюнча ЖӨБ органдары, айылдык кеңештердин депутаттары үчүн түрдүү тренингдерди жана семинарларды өткөрүп келебиз. Иш-чаранын катышуучуларынан муниципалдык кызматчылардын ишмердигин баалоону өткөрүү тартибине, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга, жергиликтүү салыктардан жана патенттин негизинде салыктан түрдүү формадагы квитанция берүү менен кандайдыр бир сумманы алып калууга, банктын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акчаны жол-жоболоого ж.б. тиешелүү көптөгөн суроолор түшүп турат. Мындан тышкары ЖӨБ органдарынын суроо-талабы боюнча салык органдары салык бересеси жана жергиликтүү бюджетке түшкөн башка салыктар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү болгонун баары эле биле бербейт. Ошондуктан бул актуалдуу маселелерди мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуулап алуу зарыл. Ошондо гана аталган маселелер боюнча жеринде жалпы түшүнүк орун алып, мыйзамдар так аткарылат”.

Иш-чараны КР Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен биргеликте уюштурууда.

Иш-чара өтчү күн:                            2015-жылдын 11-ноябры, 09:30дан 13:00гө чейин.

Орду:                                                  Бишкек шаары, «Golden Tulip» мейманканасы.

Толук маалымат алуу үчүн:          Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg