Таш-Көмүр шаарындагы элдик жыйын

13.10.2015 09:27
2015-жылдын 16-октябрында Таш-Көмүр шаарындагы Маданият үйүндө муниципалдык социалдык тапшырыктын жардамы менен ишке ашырылган “Жаштардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү аркылуу Таш-Көмүр шаарындагы жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү” долбоорунун жыйынтыгы боюнча элдик жыйын өтөт.
Таш-Көмүр шаарындагы элдик жыйын

2015-жылдын 16-октябрында Таш-Көмүр шаарындагы Маданият үйүндө муниципалдык социалдык тапшырыктын жардамы менен ишке ашырылган “Жаштардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү аркылуу Таш-Көмүр шаарындагы жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү” долбоорунун жыйынтыгы боюнча элдик жыйын өтөт. Ошондой эле “Жылдын мыктысы – 2015” сынагынын 11 номинация боюнча жеңүүчүлөрү да сыйланат. Бул жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы жана аталган аймакта долбоорду ишке ашырууда жетишилген натыйжалар боюнча маселелер талкууланат. Ушул тапта аталган долбоордун алкагында шаардагы жаштардын өнүгүүсүнө жана аларды социалдык жигердүү турмушка тартылуусуна көмөктөшчү бир топ иштер аткарылды. Жаш активисттерди сыйлоо өсүп келаткан муундун позицияларын бекемдеп, алардын келечекте бийиктиктерди багындыруусу үчүн дем бермекчи.

Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын арасында түрдүү багыттар боюнча олуттуу ийгиликтерге жеткен жана башкаларга жакшы үлгү болуп бере турган жаштар өтө көп. Бул салтанаттуу иш-чарада алардын жетишкендиктери белгиленип, коомго тааныштырылып, аларга баалуу белектер тапшырылат. Ошондой эле алардын жасаган иштери тууралуу маалымат берилип, бул болсо өз кезегинде азырынча кабары аз, анчалык жигердүү эмес жаштарды коомдук иштерге тартып, аларга мотивация болуп берет деп күтүлүүдө. Анткени дал ушул жигердүү жаштар аймактагы жалпы кырдаалдын жакшы көрсөткүчү болуп эсептелет. Буга байланыштуу долбоордун алкагында катышуучулар сыйлана турган төмөнкүдөй номинациялар болот:

  • Шаардын жаштарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн (Мэриянын кызматкери, шаардык кеңештин депутаты, лидер)
  • Жаш кесипкөй (медицина кызматкери, мугалим, муниципалдык кызматчы)
  • “Менин шаарым – менин сыймыгым” аттуу дилбаяндын жыйынтыгы боюнча жылдын окуучусу
  • Жылдын студенти, “Шаарым менин көзүм менен”, сүрөттөр, эскиздер
  • Жылдын жаш таланты
  • Жылдын жаш спортчусу
  • Жылдын жаш ишкери